Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:27

“Социал-демократтар” фракциясы троллейбус линиясын алууга байланыштуу прокуратурага кайрылды


Бишкектин троллейбустары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин троллейбустары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңештеги “Социал-демократтар” фракциясы калаадагы троллейбус линиясын демонтаж болуп жатканын “мыйзамсыз аракет” деп баалап, прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу фракциянын лидери, депутат Кадырбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, шаардык кеңеш мындай аракетке баруу үчүн мэрияга макулдук берген эмес. Ошого карабай калаадагы троллейбус линиялардынын алынып жатышын ал “кызмат абалынан аша чабуу” катары баалады.

Кадырбек Атамбаев муну депутаттардын пикирин эле эмес, шаар тургундарынын пикирин да “сыйлабастык” деп атап, шаардык кеңешти институт катары тебелегени үчүн прокуратураны калаа жетекчилигине чара көрүүнү талап кылууда.

“Социал-демократтар” фракциясынын кайрылуусунда мындай троллейбус электробустарга караганда арзан жана прогрессивдүү коомдук транспорттун түрү экени, тиешелүү инфратүзүм бузула турган болсо, кийин шаар линияны кайра курууга жана троллейбустарды сатып алууга чоң каражат кетирип калары айтылат. Депутаттар тобу электробустарды Бишкек мэриясы троллейбустарга караганда 4 эсе кымбат алып жатканын кошумчалайт.

Фракция ырастагандай, БУУнун Европа Экономикалык Комиссиясынын изилдөөсүндө, троллейбустарда жүрүү электробустарга караганда 40%га арзан түшөрү аныкталган.

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы троллейбустарды электробустарга алмаштырып жатканы май айынын башында белгилүү болгон. Калаадагы эко-активисттер мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан расмий жообуна таянып, троллейбустарды байланыш түйүнү жана тарткыч көмөкчордондор менен бирге Ош, Токмок жана Кара-Балта шаарларына өткөрүү пландалып жатканын айтып чыгышкан.

Активисттер мэриядан келген каттын сүрөтүн социалдык түйүнгө жарыялашкан. Анда иштөө мөөнөтү бүткөн же эскирген троллейбустардын ордуна 120 электробус сатып алынары белгиленген. Документке ылайык, каржылык колдоону Азия өнүктүрүү банкы берет.

#SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка демилгелүү топтор буга каршы чыгып, коомдук транспорттун экологиялык түрүн сактап калууну талап кылышкан. Активисттер жарыялаган петицияга 1200дөй адам кол койду.

Бишкек шаардык депутаты Кадырбек Атамбаев 6-майда да Фейсбукка пост жазып, бул маселе эки ай мурун көтөрүлгөнүн, депутаттар каршы чыкканына карабай мэрия ушундай чечимге келип жатканын билдирген.

Июндун башында калаадагы жолдорду оңдоонун шары менен бир катар жолдордо троллейбус зымдары алына баштаган.

Бишкек шаарынын мэрия Айбек Жунушалиев 21-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, 210 чакырымдык троллейбус линиясынын 70% эксплуатациялоо мөөнөтү өтүп кеткенин, аны алмаштыруу кымбат турарын белгиледи. Ал ошол себептүү айлампа линиядагы гана троллейбустар калтырылып, калганы алына турганын, бул тыгынды азайтууга салым кошорун маалымдады. Мэр шаардагы 152 троллейбустун 100ү Ош шаарыне берилерин билдирди.

Былтыр ноябрда Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаага алгачкы электробустар 2024-жылдын биринчи жарымында келерин билдирген. Жалпы 120 электробус келиши күтүлүүдө.

Учурда муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттамда эл ташыйт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG