Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:08

Армения Палестинаны мамлекет катары расмий тааныды


Барселонадагы митингде Палестинанын желегин көтөргөн бала. Иллюстрациялык сүрөт.
Барселонадагы митингде Палестинанын желегин көтөргөн бала. Иллюстрациялык сүрөт.

Армения Палестинаны мамлекет катары таанырын билдирди. Бул тууралу маалымат өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.

Анда расмий Ереван жөөттөр менен палестиндер ортосунда узак мөөнөттүү тынчтык орношуна кызыкдар экени белгиленет. Армения Газадагы жаңжалдын "эки мамлекет" принцибинин негизинде чечилишин колдой турганы жазылган.

"Бул палестиндер менен израилдиктер өзүүнүн легитимдүү умтулууларын ишке ашыруунун жалгыз жолу экенине ишенебиз", - деп жазылат билдирүүдө.

Армения Палестинаны мамлекет катары тааныган БУУга мүчө 148-мамлекет болуп калды.

28-майда Испания, Норвегия жана Ирландия Палестина мамлекетин расмий таанышкан. Көп өтпөй алардын катарына Словения да кошулган.

Израилдин бийлиги бул чечимге катуу нааразылыгын билдирген.

Бишкек Палестинаны мамлекет катары 1995-жылы тааныган. Буга чейин АКШ президенти Жо Байден да палестин мамлекетин түзүү сунушун колдогон. "Эки мамлекетти түзүү - палестин жана израил калктарынын коопсуздугун узак мөөнөткө камсыздоонун жалгыз жолу экени айдан ачык", - деп билдирген ал.

2012-жылдан бери Палестина БУУда байкоочу мамлекет макамына ээ. Быйыл 10-майда уюмдун Башкы ассамблеясы Палестинанын укуктарын кеңейтүүгө добуш берген.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан ашуун убакыттан бери бул тилкеде жашаган палестиндердин 37 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Мекеме жарыялаган сан күмөн жаратпай турганын БУУ маалымдаган.

Израилдин сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдардын тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алган, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG