Польшада күрөш боюнча кыргызстандык үч балбан алтын алды

Жоламан Шаршенбеков. Архив.

Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн күрөш боюнча Ziolkowski Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинде Кыргызстандын балбандары үч алтын, бир күмүш жана бир коло байге алышты.

19-июнда грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта Акжол Махмудов алтын, 97 кг Үзүр Жусупбеков коло медал алды. 20-июнда 60 кг салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков, 67 кг салмакта Амантур Исмаилов алтын медал тагынышты. 67 кг салмакта кыргызстандык эки балбан - Амантур Исмаилов менен Раззак Бейшекеев финалга чыгып, Бейшекеев биринчи орунду жердеши Исмаиловго күрөшпөй эле берди.

Бул кыргызстандык балбандардын быйыл өтө турган Париж олимпиадасынын алдындагы акыркы эл аралык медеши болуп калды.

Ушул тапта Кыргызстанда Париж олимпиадасына 15 жолдомо бар.

Олимпиадага катышууга кыргызстандык балбандар - Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов жолдомо утуп алышса, марафондук жарыштан теги якутиялык, былтыртан бери Кыргызстандын атынан чыгып келе жаткан орусиялык жеңил атлет Сардана Трофимовага Эл аралык жеңил атлетика федерциясы олимпиадалык квота берген.

Дзюдочу Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу Париж олимпиадасына лицензия алган. Кыргызcтандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулунда да жолдомо бар. (BTo)

Дагы караңыз

Чүйдө алты баланын өмүрүн алган кырсык боюнча айдоочу кармалдыЧүйдө автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты баланын өмүрү кыйылды Ош шаарында жашыруун жабдылган уюлдук терминал аныкталдыБүтүрүүчүлөргө аттестат менен кошо анын электрондук түрү да берилетНоокатта сел каптаган жолдор тазаланды20-июнь: Шамбесайдан алтын казылбайт, Тажикстанда экс-министр кармалганы кабарланды Улуттук банк “Аманбанктын” банктык лицензиясын жойду