Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Бүтүрүүчүлөргө аттестат менен кошо анын электрондук түрү да берилет


Мектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестаты.
Мектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестаты.

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер 28-июнда тапшырыла тургандыгын маалымдайт. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.

9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими жөнүндөгү күбөлүктөр 28-июнда саат 9:00дө, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими жөнүндө аттестаттар саат 11:00дө берилет.

Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышат. Бул системанын негизги өзгөчөлүгү бүтүрүүчүлөрдүн документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат.

Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси негиздеген “Күбөлүк” https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/login платформасы иштеп жатат.

Бул платформада бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү Түндүк сервисинен алынат. Бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт.

Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу үчүн убара болбойт. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда 2023-2024-окуу жылында 11-классты 76 миң 244, 9-классты 127 миң 176 бүтүрүүчү аяктайт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG