Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Ош шаарында жашыруун жабдылган уюлдук терминал аныкталды


SIM-карталар менен иштеген жашыруун терминал. УКМК тараткан сүрөт.
SIM-карталар менен иштеген жашыруун терминал. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш-чаралардын жүрүшүндө Ошто жашыруун жабдылган терминалды аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

24 жаштагы У.А. аттуу жарандын үйүндө 19 SIM-бокс, 8 персоналдык компьютер, 2 ноутбук, мобилдик операторлордун 2000ден ашык SIM-карталары табылды. Алар интернет алдамчылыгына, социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды жана басылмаларды жайылтууга, криптовалюталарды уурдоого колдонулган.

Муну менен катар мобилдик мессенжерлердеги, банктык эсептердеги жана электрондук капчыктардагы фейк аккаунттар мыйзамсыз катталган. Аталган терминалдын кызматынан экстремисттик жана террордук уюмдардын мүчөлөрү колдонушу мүмкүн экени кабарланды.

УКМК уюлдук терминал – бул көп сандагы SIM-карталарды кошуу, сактоо жана бир жолку смс активдештирүү коддорун алуу мүмкүнчүлүгү менен бирдиктүү шлюзга интеграцияланган техникалык каражаттардын комплексин түшүндүрөрүн билдирди.

Бул кызмат “smshub.org” веб-сайтында жеткиликтүү болуп, эсептерди же электрондук капчыктарды активдештирүү үчүн дүйнөнүн каалаган өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстандан телефон номерлери бар SIM-картаны сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Ош шаарында аныкталган терминал аталган мыйзамсыз сайттын дилердик пункттарынын бири болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (Fтайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү) менен кылмыш иши козголду. Республиканын аймагында бул кызматтардан пайдаланган адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Маалыматта фактка байланыштуу канча киши кармалганы такталган эмес.

УКМК интернетте алдамчылык жана жеке маалыматтарды уурдоо фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG