Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Улуттук банк “Аманбанктын” банктык лицензиясын жойду


“Аманбанк” коммерциялык банкынын имараттарынын бири. Архивдик сүрөт.
“Аманбанк” коммерциялык банкынын имараттарынын бири. Архивдик сүрөт.

“Аманбанк” ачык акционердик коому “Аман кредит” микрофинансылык компаниясы катары кайра каттоодон өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук банк анын банк катары лицензиясын алып, банктардын реестринен чыгарды. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемеси өз сайтында кабарлады.

Улуттук банк “Аманбанк” коммерциялык банкына 2022-жылдын июлунда алты айга убактылуу администрация режимин киргизип, кийин аны дагы узарткан.

Кезинде мунун себептери түшүндүрүлгөн эмес. "Аманбанктын" өкүлдөрү да буга байланыштуу комментарий бере элек.

Убактылуу администрация – банктын ишин башкарууда көзөмөл органы тараптан киргизилген режим. Мындай чара кандайдыр бир кризистик маалда банктын активдерин, документтерин жана маалыматтарын сактоону камсыз кылуу максатында көзөмөл орнотуу үчүн колдонулат. Анын жыйынтыгында аныкталган көйгөй жоюлса, банкка ишин улантууга уруксат берилет, же лицензиясы алынат. Болбосо банк реструктуризацияга кабылышы ыктымал.

“Аманбанктын” лицензиясы алынышы менен Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн 22 банк калат. “Аман кредит” кошулганда 10 микрофинансылык компания болот. Мындан сырткары өлкөдө 70 микрокредиттик компания жана 35 микрокредиттик агенттик иштейт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG