Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Чүйдө автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты баланын өмүрү кыйылды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

20-июнда Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айыл аймагынын Алтын айылында автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты баланын өмүрү кыйылганы кабарланды.

Маалыматтарга ылайык, кырсык саат 18:00дөр чамасында катталган. Машиненин ичинде 11 адам болгон. Бир эркек киши (айдоочу), эже-сиңдилер жана алардын балдары. Кырсыктан эки үй-бүлөдөн үчтөн бала – жалпы алты бала каза тапкан.

Кырсыктан каза болгондордун тизмеси:

  • 2015-жылы туулган Б.В.
  • 2018-жылы туулган Б.А.
  • 2019-жылы туулган Б.Д.
  • 2016-жылы туулган Б.В.
  • 2020-жылы туулган Б.Т.
  • 2018-жылы туулган Б.К.

Кырсыктан аман калгандар Жайыл райондук ооруканасына жаткырылганы айтылды. Айрым маалымат каражаттары айдоочу мас болуп машине айдап баратканы аныкталып, Чүй облустук милициясы кармаганын жазууда. Азырынча расмий маалымат бериле элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG