Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Ноокатта сел каптаган жолдор тазаланды


Ноокат районундагы жолду каптаган сел. ӨКМ тараткан сүрөт.
Ноокат районундагы жолду каптаган сел. ӨКМ тараткан сүрөт.

20-майдын кечинде, саат 21:50 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Ноокат районунун Жийде айылында сел жүрүп, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун болжол менен 55-чакырымын суу каптап, унаа жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Окуя болгон жерге Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, райондук жол тейлөөчү ишкананын грейдер жана жүктөгүч унаалары жолду тазалоого тартылды. Кошумча маалымат берилет.

17-июндун кечинде жүргөн селден улам Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында кооптуу абалга кептелген 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланган. Кийин алар үйлөрүнө кайткан.

ӨКМ жалпы аталган эки айылда 58 үйдүн короосуна, 4 социалдык объекттин анын ичинен 5 турак жайдын ичине сел суусу киргенин билдирген. 1 турак үй авариялык абалга кептелген.

Кыргызстанда быйылкы жаз жаанчыл болуп, бир катар облустарда, аймактарда сел жүрүп, дарыялар, суулар ташкындады. Селден улам апрелде Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кыргызстанда сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сактала турганын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берип жатып билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG