Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

20-июнь: Шамбесайдан алтын казылбайт, Тажикстанда экс-министр кармалганы кабарланды


Хамрохон Зарифи
Хамрохон Зарифи

20-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шамбесайда алтын казылбай турганын эл алдында айтты

Кадамжайдагы Шамбесай кенин иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып келишкен. Алар кен ишке кирсе, аймактагы Исфайрам суусу булганарын жана башка экологиялык маселелер чыгарын айтышкан. Геологиялык кызматтын сайтында Шамбесай кениндеги алтындын өлчөмү беш тоннага жакын экени көрсөтүлгөн.

Парламент административдик-аймактык реформа мыйзамын кабыл алды

Жогорку Кеңеш Административдик-аймактык реформа тууралуу мыйзам долбоорун экинчи-үчүнчү окуудан, талкуусуз жана суроо-жоопсуз кабыл алды. Реформанын жыйынтыгында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарган. Анын алкагында штаттык бирдикти каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин азайган.

Бишкек шаардык соту экс-депутат Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын кароону улантты

Бул күнкү отурумда күбөлөр суралды. Мадумаровдун адвокаты тергөөчүнү жана башка кызмат адамдарын суракка алууну өтүндү, сот аны четке какканы кабарланды. Келерки отурум 21-июнга белгиленди. 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Жети ай атайын кызматтын тергөө абагында отурган мурдагы депутат 26-апрелде бошотулган.

Ардагер журналист Баян Жумагулова милицияга суракка чакырылды

Журналист өзү "Азаттыкка" билдиргендей, милиция ага Фейсбуктагы "арапкул" деген сөзү үчүн Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Бул маалымат боюнча Свердлов райондук милициясы азырынча комментарий бере элек. Жумагулова 65 жашта, 2-топтогу майыптыгы бар. Көп жылдардан бери чет жакта жашайт. "Азаттыкта" 10 жылдан ашуун иштеп, эс алууга кеткен.

Газада Израил армиясынын соккулары уланууда

Reuters агенттиги билдиргендей израилдик аскерлердин чабуулдары сектордун эки районунда – түштүк тилкеде жана борбордук бөлүктөгү Дейр-эл-Балахта жүрүп жатат. Анклавдын АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, бейшембиге караган түнү борбордук тилкедеги соккулардан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды, ондогон киши жараат алды. Израилдик танкалар түштүктөгү Рафах шаарында операциясын улантууда.

Украина: Орусиянын чабуулдарынан төрт киши каза болду, электр ишканалары жабыркады

Донецк облустук администрациясы билдиргендей, бейшембиде эртең менен орус армиясы Константиновка шаарына аралыктан башкарылуучу авиабомба таштап, натыйжада бир кишинин өмүрү кыйылды, үйлөр талкаланды. Ал эми кечээ Роскошное айылы орус аскерлеринин кассеталык аткылоосуна кабылып, үч жергиликтүү тургун каза болду, алардын бири 14 жаштагы өспүрүм бала экени аныкталды. Облус башчысы элди Донецкинин кооптуу аймактарынан эвакуация болууга чакырды. Украин бийлиги маалымдагандай, бейшембиге караган түнү төрт облуста Орусиянын соккуларынан жылуулук электр станциясы жана бир катар энергетика объектилери кыйрады, Винница облусунда 200 миңдей, Киев облусунда 7 миңдей абонент электр жарыгысыз калды.

Тажикстанда мурдагы тышкы иштер министри кармалганы кабарланды

Дүйшөмбүдө өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи кармалганын «Озоди» радиосу өз булактарына таянып жазды. Мурдагы башкы дипломатты 12-июнда кармап кетишкени, 16-июнга чейин Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайында кармап турушканы, андан кийин башка жакка которушканбы же сурактан кийин коё беришкенби, белгисиз болуп жатканы кабарланды. Зарифинин кармалышы боюнча бийлик эч кандай расмий маалымат бере элек. 75 жаштагы экс-министр эс алууда болчу.

Азербайжандын талабынан улам Армения Конституциясын өзгөртүүдө

“Азаттыктын” армян кызматынын маалыматына караганда, премьер-министр Никол Пашинян Баш мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Мындай аракет коңшу Азербайжандын армян Конституциясынан Тоолуу Карабак тууралуу жазылгандарды алып салуу талабы уланып жаткан шартта көрүлүүдө. Пашинян Конституциялык реформалар кеңешине жаңы Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга 2026-жылдын 30-декабрына чейин мөөнөт берди. Азербайжан 2023-жылы сентябрда талаштуу Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Казакстанда "Массмедиа жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Медиаэксперттер менен укук коргоочулар бийлик сунуштаган бул жаңы мыйзам цензураны жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтөрүн белгилешкен. "Массмедиа" деп эми ЖМК гана эмес, интернет-ресурстар да аталат. Журналисттер кайсы бир иш-чарага катышуу үчүн пресс-карта алууга, «өзгөчө шарт» болуп калса жазган текстин кызмат адамдары менен макулдашууга милдеттүү. Жарандар эгер кайсы бир маалыматты жалган же шек келтирүүчү деп эсептесе аны төгүндөөнү жарыяланган күнүнөн тартып бир жыл ичинде гана талап кыла алышат, буга чейин үч жыл болчу. 2027-жылга чейин казак тилиндеги телерадио программалардын апталык көлөмү азыркы 50% 60% чейин көбөйтүлүшү, ал эми чет элдик программалардын ретрансляциясы 10%чейин кыскартылышы керек.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG