Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Чүйдө алты баланын өмүрүн алган кырсык боюнча айдоочу кармалды


Кармалган айдоочу жана кырсык болгон жер.
Кармалган айдоочу жана кырсык болгон жер.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Чүй облусунун Жайыл районунун Алтын айылында алты баланын өмүрүн алган автокырсык тууралуу маалымат берди.

Облустук милициянын маалыматына караганда, кырсык 20-июнда Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан №3 көлмөдө болгон. “Фольксваген Джетта” үлгүсүндөгү автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты бала каза тапкан.

Кара-Балта шаарынын 40 жаштагы тургуну 26 жаштагы жубайы, 1, 4, 6, 7 жаштагы балдары жана 27 жаштагы кайын эжеси жана анын 5, 6, 7, 9 жаштагы балдары менен жалпы 11 киши Алтын айылындагы №3 көлмөгө сууга түшүүгө келишкен. Айдоочу спирт ичимдигин ичип алып машинесин саат 18:30дарда айдап чыкканда дөңдөн оодарылып, сууга түшүп кеткен. Айдоочу, анын аялы жана кайын эжеси, дагы эки бала аман калып, калганы көлмөгө чөгүп кеткен.

Кырсыктан каза болгондордун тизмеси:

  • 2015-жылы туулган Б.В.
  • 2018-жылы туулган Б.А.
  • 2019-жылы туулган Б.Д.
  • 2016-жылы туулган Б.В.
  • 2020-жылы туулган Б.Т.
  • 2018-жылы туулган Б.К.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинни “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG