Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы жанданды

Казакстандын “FlyArystan” авиакомпаниясы учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын “FlyArystan” авиакомпаниясы 16-июндан тартып Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамын аткарып баштады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту кабарлады.

Каттамды Airbus A320 учагы ишке ашырат. Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт.

Авикаттам аптасына 2 жолу, экинчи күнү жана базар күндөрү аткарылат. “Манас” эл аралык аэропорту аталган каттамга байланыштуу суроолор боюнча авиакомпанияга түз байланышууну сунуштайт.

“FlyArystan” авиакомпаниясы Астана-Бишкек-Астана авиакаттамын биринчи ирет 2023-жылы июнда ишке ашырган. Ал бир топ убакыт аткарылып, ортодо кайра токтоп калган. Каттам ишке ашырылганга чейин Бишкектен Астанага барчулар алгач Алматыга жетип, андан ары Астанага учушчу.

2023-жылы Баку-Бишкек-Баку жана Анкара-Бишкек-Анкара авиакаттамдары биринчи ирет ишке киришкен. 2024-жылдын башынан тартып Бишкек-Бээжин-Бишкек аба каттамы жаңыдан ачылган.

Казакстандын, Азербайжандын, Кытайдын башка шаарларына каттамдар мурда эле бар болчу. “Манас” эл аралык аэропортунан мындан сырткары дүйнөнүн ондогон шаарларына каттамдар ишке ашырылып келет. (ErN)

Дагы караңыз

Ардагер журналист Баян Жумагулова милицияга суракка чакырылдыУлуттук банк валюта базарынан дагы 62 млн 500 миң доллар сатып алдыСадыр Жапаров Шамбесайда алтын казылбай турганын эл алдында айттыУКМК казакстандык ишкер Жуманбаевге козголгон ишти токтоттуАдминистративдик-аймактык реформа мыйзамы кабыл алындыМосквада чиркөөдө шамдарды өчүргөн тажик жараны кармалдыӨкмөт бала бакчадагы тамак-ашка акча бөлбөй турганы айтылды