Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Садыр Жапаров Шамбесайда алтын казылбай турганын эл алдында айтты


Шамбесай кениндеги нааразылык акциясы. 2-февраль, 2018-жыл.
Шамбесай кениндеги нааразылык акциясы. 2-февраль, 2018-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шамбесай кенинен алтын казылбай турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 20-июнда Кадамжай районунда, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан учурда билдирди.

"Мен Шамбесай кенин мыйзамдуу болсо, зыяны жок болсо казсаңар болот деп айткан элем. Мен өз көзүм менен көрдүм. Казса болбойт экен. Бул маселеге чекит койдук. Эми бул теманы унуталы", - деди Жапаров.

Кадамжайдагы Шамбесай кенин иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып келишкен. Алар кен ишке кирсе, аймактагы Исфайрам суусу булганарын жана башка экологиялык маселелер чыгарын айтышкан.

Геологиялык кызматтын сайтында алтындын өлчөмү беш тоннага жакын экени көрсөтүлгөн.

Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан.

Шамбесай алтын кенин иштетүүгө уруксат кытайлык “Тианди” компаниясына тийген. Компания кенди иштетүү үчүн 3 миллиард сомдон ашык каражат салууга даяр экенин билдирип келет. Андан салык катары 300 миллион сомго жакын акча мамлекетке түшөрү айтылган.(JsA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG