Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:23

УКМК казакстандык ишкер Жуманбаевге козголгон ишти токтотту


Владимир Жуманбаев. Коллаж.
Владимир Жуманбаев. Коллаж.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) казакстандык ишкер, “Вертекс Голд” компаниясынын ээси Владимир Жуманбаевге козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Владимир Жуманбаев 19-июнда Кыргызстанга келип, бир катар тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси жоктугуна байланыштуу казакстандык ишкерге мурда коюлган айыптар алынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду.

УКМК июнь айынын башында Владимир Жуманбаев “Братский круг” эл аралык кылмыштуу тобуна кирген “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турганы аныкталганын билдирип, эл аралык издөө жарыялаган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту ишкерди сыртынан камакка алуу боюнча бөгөт чарасын тандаган.

Kazakhmys Holding компаниясы кийинчерээк Владимир Жуманбаевдин Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топторго байланышы жок экенин кабарлап, ал тергөө органдары менен кызматташып бардык маалыматтарды берүүгө даяр экенин билдирген.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG