Жогорку Кеңеш 20-июндагы отурумунда Административдик-аймактык реформа тууралуу мыйзам долбоорун экинчи-үчүнчү окуудан кабыл алды. Парламентке Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон 40тай мүчөлөпү келди.
Айрым депутаттар мыйзам долбоорун талкуулабай, суроо-жооп кылбай эле добуш берүүнү сунушташты. Буга Надира Нарматова, Эмил Токтошев жана башка депутаттар каршы чыгышты.
Эмил Токтошев парламенттин бул чакырылышы "суроо бербей эле колдоп коелу" деген атка конгонун айтып, спикерден өкмөт мүчөлөрүнө суроо берүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү талап кылды.
"Биз эл өкүлүбүз, өкмөттүн мүчөлөрүнө суроо беришибиз керек. Антпесе нотариус болуп алалы, "суроо бербей эле колдоп коелу" деп, ансыз деле эл бизди унчукпас парламент деп айтып жатат".
Депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоорун карабай эле колдоону сунуштаган Камила Талиеваны сунушун кайтарып алууга чакырды.
Төрага Нурланбек Шакиев Талиеванын сунушун добушка коюп, ал көпчүлүк добуш менен өтүп кетти.
Бирок айрым депутаттар мыйзам долбоору 1-окуудан каралып жатканда эле көп суроолор берилгенин, өзгөртүүлөр сунушталганын, алар эске алынган-алынбаганын билүү зарылдыгын айтып, суроо-жооп кылууну талап кылышты. Аны спикер четке какты.
Жыйынтыгында парламент Административдик-аймактык реформа мыйзамын талкуусуз, суроо-жоопсуз экинчи, үчүнчү окууда кабыл алып берди.
Жогорку Кеңеш 13-июнда административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алган.
Реформанын жыйынтыгында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарган. Анын алкагында штаттык бирдикти каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарган.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилген.
Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн. (ZKo)