Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:48

Ардагер журналист Баян Жумагулова милицияга суракка чакырылды


Баян Жумагулова
Баян Жумагулова

Ардагер журналист Баян Жумагулова Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу журналист өзү "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, милиция ага Фейсбуктагы жазгандары боюнча кылмыш иши козгогон.

"Өткөн ишемби күнү өздөрүн тергөөчүбүз деген эки адам үйүмө келип, Свердлов райондук милиция бөлүмүнө барышымды талап кылышты. Мен чакыруу берилмейинче барбай турганымды айткандан кийин, бири шашып барып, тергөөчүдөн "Фейсбуктагы жазгандары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында" деген мааниде чакыруу кагаз алып келиптир. Барсам телефонумду алып коюп, ичиндеги маалыматтарды көчүрүп ала баштады. Мен адвокатсыз көрсөтмө бербей турганымды айткандан кийин кое беришип, дүйшөмбү күнү адвокат таап беришти. Адвокат менен барсак, мага качан эле кылмыш ишин козгоп, мен жазган постторду лингвистикалык экспертизага берип коюшуптур. Менин Фейсбукка жазгандарымды канча убактан бери эле изилдеп, каттап, көчүрүп жүрүшүптүр. Менин 6-июнда Германиядан учуп келгенимден бери каттап, чек ара кызматына "эч жакка чыкпасын" деп билдирүү берип коюшуптур. 22-июнда кайра милицияга чакырды, ал күнү менин бөгөт чарамды карашат экен", - деди Жумагулова.

Милиция журналисттен Фейсбукка жазбоону талап кылган. Жумагулованын сөзүнө караганда ага "арапкул" деген сөзү үчүн Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул маалымат боюнча Свердлов райондук милициясы азырынча кооментарий бере элек.

Баян Жумагулова 65 жашта, 2-топтогу майыптыгы бар. Көп жылдардан бери чет жакта жашайт. "Азаттыкта" иштеп, пенсияга чыккан.

19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту дал ушул кылмыш беренеси менен укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды.

Өндүрүш Токтонасыровго Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен козголгон кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда былтыр сентябрдан бери каралууда. Лингвистикалык экспертиза активисттин социалдык тармакта жазгандары “кастыкты козуткан” деген тыянак чыгарган.

Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин жарандардын сөз эркиндигин сактоону талап кылып келишет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG