Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Улуттук банк валюта базарынан дагы 62 млн 500 миң доллар сатып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 19-июнда валюта базарынан дагы 62 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери валюта рыногунан 242 миллион 900 миң доллар сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 87 сом 30 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 86 сом 20 тыйындан сатып алынып, 87 сом 20 тыйындан сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG