Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Өкмөт бала бакчадагы тамак-ашка акча бөлбөй турганы айтылды


Бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды. Ага ылайык, бала бакчаларда балдардын тамагын толугу менен ата-энелер же баланын мыйзамдуу өкүлү төлөйт.

Бул тууралуу 19-июнда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, былтыр балдар бакчаларындагы наристелердин тамагы үчүн мамлекеттик бюджеттен 800 млн сом бөлүнгөн. Эми мамлекет балдардын тамагына акча төлөбөйт.

"Билим берүү жөнүндө" былтыр августта кабыл алынган мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгүндө "Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардагы тамактануу мамлекет тарабынан каржыланбайт, ата-энелер тарабынан каржыланат" деп жазылып турат. Бирок ага Жогорку Кеңештин депутаттары каршы болуп, "балдардын тамагын жергиликтүү бийлик менен ата-энелер тең бөлүп төлөйт" деп өзгөртүү киргизген. Президент буга каршы болуп, мыйзам долбоорун артка кайтарды. Эми акча бөлүнбөйт", -деди Аманбаев.

Министрдин орун басары балдардын тамагынан үнөмдөлгөн акча бала бакча курууга жумшаларын белгиледи.

2023-жылы күзүндө Каржы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда ата-энелердин эсебинен тамактануу уюштуруларын билдирген. Министрлик буга ошол жылы 11-августта "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынганын негиз кылган.

Мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктунда "мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүзөгө ашырылат" деп жазылган.

Бул маалымат коомчулукта нааразылык жаратып, депутаттар мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган.

Жогорку Кеңеш "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга "бала бакчалардын тамак-ашына акча мамлекеттик казынадан бөлүнөт" деп өзгөртүү киргизип, мыйзам долбоорун 11-апрелде үч окуудан кабыл алган.

Былтыр ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бала бакчалардагы балдарды мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу керектигин, балдардын тамагын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү төлөөгө тийиштигин айткан.

Расмий маалыматтарда Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG