Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Москвада чиркөөдө шамдарды өчүргөн тажик жараны кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын Зюзин райондук соту 20 жаштагы тажик жараны Аскар Бутаевди камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды.

Ал православ чиркөөсүндө шамдарды өчүрүп, чиркөөдөгү аялды түртүп жиберген. Бул тууралуу Москва прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө комитети Бутаевге дин тутуу эркиндигин бузганы үчүн кылмыш ишин козгоду.

Окуя 18-июнь күнү адмирал Федор Ушаков чиркөөсүндө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, Бутаев ал жерде күйүп жаткан шамдардын баарын өчүрүп, андан кийин чиркөөгө келген аялдардын бирин түртүп, кетип калган. Көп өтпөй ал кармалган.


Baza Телеграм-каналы билдиргендей, Аскар Бутаев Москвага бир нече күн мурда келген. Ал чиркөөнүн жанындагы жатаканада жашаган.

Бутаев күнөөлүү деп табылса, 200 миң рублга чейин айып пул төлөшү мүмкүн же бир жылга чейин эркинен ажыратылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG