Казакстанда соттолгон Маркабаев Кыргызстанга которулганы кабарланды

Эрмек Маркабаев.

Алматы шаарындагы “Алтын Орда” базарынын аткаруучу директору, Казакстанда төрт жылга соттолгон кыргызстандык Эрмек Маркабаев Кыргызстанга кайтарылганы кабарланды. Бул маалыматты “Азаттыкка” анын уулу ырастап, атасы өлкөгө 6-июнда которулганын билдирди. Бирок кандай шартта кайтарылганын жана азыр кайда экенин тактаган жок.

Казакстандын Карасай райондук соту Эрмек Маркабаевди быйл 5-февралда төрт жылга абакка кескен.

Ал былтыр июнь айында Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 287 ("Курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү") жана 296 ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз колдонуу") беренелеринде каралган кылмыштарга шек саналып кармалган.

Маркабаев Алматы облусунун аймагында, Алматы – Бишкек автожолунда кармалган. Полицияга куралчан адамдар бара жаткан машина тууралуу анонимдүү маалымат түшүп, “Алтын Орданын” аткаруучу директору Эрмек Маркабаевдин машинасы токтотулган. Жансакчысы текшерилип, анын алып жүргөн куралынын бардык документтери жайында болуп чыккан. Бирок маңзатка байланыштуу жаңы айып коюлуп, иш козголгон.

Маркабаев өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ишкердин жубайы жолдошуна “жалган жалаа жабылып жатканын” айтып, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге видео кайрылуу жолдогон. (BTo)

Дагы караңыз

“РСК банктын” аталышы “Элдик банк” болуп өзгөртүлдүБишкек мэриясы 100 троллейбусту Ош шаарына берүүнү сунуштадыКыргызстан Киев уюштурган Тынчтык саммитине катышпайт Ош мэриясынын кармалган эки кызматкери үй камагына чыктыФутбол: Кыргызстан Малайзия менен тең чыктыИранда бийликти сындаган активист камакка алындыКазакстанда "Азаттыкты" колдогон журналисттин апелляциялык арызы четке кагылды6-июнь: “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору, Газада 30дай киши мерт болгону кабарланды