Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Кыргызстан Киев уюштурган Тынчтык саммитине катышпайт


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов DW агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстан Украинанын демилгеси менен Швейцарияда уюштурулуп жаткан Тынчтык саммитине катышпай турганын айтты.

Ал расмий Бишкек “эки өлкөнүн ортосундагы бул кырдаалды токтотууга” жан үрөй турганын жана Батыш өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды кыйгап өтүүгө Кыргызстан Москвага жардам берүүгө кызыкдар эмес экенин кошумчалады.

“Украина менен көп убакыттан бери эле тыгыз байланыштабыз. Кыргызстандын президенти башында эле биз Орусияга да, Украинага да бирдей эле мамиле кыларыбызды айткан. Эки өлкө тең бизге жакын өлкөлөр жана Кыргызстанда орусиялык да, украиналык да этникалык азчылыктар жашайт. Биз бул кырдаалды токтотууга жан үрөйбүз. Украина бизди түшүнөт жана биз анын себептерин (ред: Тынчтык саммитине катышпоонун) негиздеп бердик”, - деди ал.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-майда Харьков шаарында борборазиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифингде Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин Тынчтык саммитинде көргүсү келерин айткан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Киев уюштурган саммитке катышар-катышпасын чече электигин билдирген.

15-16-июнь күндөрү Киевдин демилгеси менен Швейцарияда Тынчтык саммити өтөт. Анын катышуучулары Владимир Зеленский сунуштаган “тынчтык формуласын” жана башка маселелерди талкуулашат. Жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакыртылган. Алардын ичинде “Чоң жетиге” кирген кубаттуу мамлекеттер, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кошулган мамлекеттер бар. Орусия чакыртылган эмес. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG