Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Футбол: Кыргызстан Малайзия менен тең чыкты


Кыргызстан менен Малайзиянын улуттук курмаларынын оюнчулары. 6-июнь, 2024-жыл.
Кыргызстан менен Малайзиянын улуттук курмаларынын оюнчулары. 6-июнь, 2024-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Малайзиянын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Оюн 6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.

Бул беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын жана 2027-жылы боло турган Азия кубогунун тандап алуу оюндары алкагында болду. 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан D тайпасына Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен жайгашкан.

Ушул тапта 12 упай менен Оман биринчи, 10 упай топтогон Кыргызстан экинчи орунда келатат. Малайзияда жети упай бар. Кытай Тайбэйи бир да упай ала элек.

Кыргызстандын улуттук курамасы жыйынтыктоочу турдун алкагындагы 11-июнда Маскат шаарында Оманга каршы ойнойт.

Дүйнө чемпионатынын 3-туруна жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна тайпадан биринчи жана экинчи орунда алган курамалар чыгат.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG