Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:12

6-июнь: “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору, Газада 30дай киши мерт болгону кабарланды


“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.

6-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Үч өлкөнүн темир жол долбоорун каржылоо такталды

Министрлер кабинети 6-июнда Бээжинде “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун каржылоону, курууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү тактаган макулдашууга кол коюлганын кабарлады. Өкмөт бул документ темир жол долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендик экенин жана проектти аяктоого бекем негиз болуп берерин билдирди. Бирок долбоордун наркы, аны каржылоо булагы жана шарты тууралуу маалымат берген жок. Бул проект Кыргызстанды транспорттук туңгуюктан алып чыгат деп айтылып келет. Президент Садыр Жапаров темир жол курулуп бүтсө Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, андан ары Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин жаңы каттамдар ачыла турганын айтты.

Булекбаевдин адвокаттык лицензиясы токтотулду

Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчылар Азимбек Бекназаров жана Бектур Асановдун адвокаты Эркин Булекбаевдин адвокаттык лицензиясы токтотулуп, бул иш боюнча 22-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумдан чыгарылганы белгилүү болду. Эркин Булекбаев жактоочулук иш менен 11 жылдан бери алектенип келатканын айтып, Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп баалады. Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча айып коюлган саясатчы Кубанычбек Кадыровдун адвокаты Акин Токталиевдин да лицензиясы жокко чыгарылган. “Кемпирабадчылар” аларды сотто коргоп жаткан адвокаттар басым-кысымга кабалып жатканын билдирип келишет.

ЕАЭБде товарды эркин ташуу маселеси көтөрүлдү

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Санкт-Петербург экономикалык форумунда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы оор жүк ташыган автоунаалардын утур-утур пайда болгон узун кезеги боюнча маселе көтөрдү. Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет. Кыргызстан менен Казакстан экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Кыргызстан ЕАЭБге кошулган 2015-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турган.

Мурдагы вице-мэр Максат Сазыкулов эркиндикке чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-мэр Сазыкуловду эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен эркиндикке чыгарды. УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен мындай чечим 30-майда кабыл алынганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызмат Сазыкуловду “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен апрель айында кармаган. УКМК ал шаардын чок ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин кайсы бир ишкерге мыйзамсыз бөлүү тапшырмасын берген деген айып койгон. Ал жердин базар баасы 200 миң доллар деп эсептелген.

Газада дагы 30дай киши мерт кеткени, Дохада жана Каирде сүйлөшүүлөр өткөнү кабарланды

Газа секторунда Израилдин соккусунан бейшембинин таңында дагы 30 киши каза болгонун, алардын бешөө балдар экенин Associated Press (AP) агенттиги ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) радикал тобун көзөмөлдөгөн жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына таянып билдирди. Сокку Газанын борбордук бөлүгүндөгү мурдагы мектептин имаратына урулганы, ал жерди, Израил аскерлери билдиргендей, ХАМАС жана “Ислам жихады” тобу өзүнүн базасы катары колдонуп келгени маалымдалды. Израил Газанын борбордук тилкесинде абадан жана жерден жаңы чабуулдарын баштаганын билдирүүдө. Эл аралык медициналык кайрымдуулук уюмдары сектордо каза болгондор көбөйө баштаганын белгилеп жатышат.

Украина Орусиянын чабуулдарынан дагы төрт киши каза болгонун, ондогон киши жараат алганын билдирди

Набыт болгон төрт киши Донбасстын тургундары экенин, бир катар айылдар аткыланып, кеминде 14 киши жараат алганын Донецк облустук аскердик администрациясы кабарлады. Херсон облусу да жапырт аткылоочу реактивдүү системанын чабуулуна кабылып, үч киши жараат алганын, кеминде 20 калктуу пунктта үйлөр, медицина мекемелери, бала бакчалар жана дүкөндөр талкаланганын аймактын төрагасы Александр Прокудин маалымдады. Харьков облусунда төрт киши соккудан, дагы бир киши жарылуудан жараат алды. Фронттогу абал боюнча соңку билдирүүсүндө өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бир нече багытта кырдаал татаал болуп жатканын айтты. НАТО Украинага аскерлерин же куралын жайгаштырууну көздөбөй турганын альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди. Столтенберг НАТОнун кайсы бир мүчөсүнө Орусиядан коркунуч жок экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG