Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17

Казакстанда "Азаттыкты" колдогон журналисттин апелляциялык арызы четке кагылды


Жамила Маричева.
Жамила Маричева.

Казакстанда бүгүн 6-июнда журналист Жамила Маричеванын соттун аны айыппул төлөтүү тууралуу чечимине каршы апелляциялык арызы четке кагылды. Мамлекеттик бюджеттин акчасынын сарпталашына көзөмөл жүргүзүүчү ProTenge долбоорунун негиздөөчүсү, журналист Жамила Маричева мындай арыз менен Алматы шаардык сотунун апелляциялык коллегиясына кайрылган.

Өткөн айда Алматы соту аны «жалган маалымат тараткан» деп айыптап, 73 840 теңге (164 доллар) төлөөгө милдеттендирген.

Маричеванын адвокаты ал кылмыш кылбаганын айтып, териштирүүнү токтотууга чакырган.

Журналистти 24-апрелде кармап кетип, Бостандык райондук полиция башкармалыгында дээрлик бир саат кармашкан. Алматы полициясы «ProTenge Telegram-каналынын автору жалган маалымат тараканы үчүн полицияга жеткирилгенин, ага карата административдик протокол түзүлгөнүн» маалымдаган.

Быйыл январь айында “Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарчылары аккредитация ала албай жатканын жарыялаганда ProТenge өзүнүн Telegram-каналына аларды колдогон мазмундагы пост жарыялаган жана “Азаттыкты” маанилүү иликтөөлөрдү жасап жаткан күчтүү командалардын бири деп атаган.

Ошол постту бөлүшкөн журналист Асхат Ниязовго «жалаа жабуу» деген айып тагылган. Анын иши сотто каралып, судья териштирүүгө негиз жок деген чечим чыгарып, ишти жапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG