Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Иранда бийликти сындаган активист камакка алынды


Хоссейн Шанбезаде.
Хоссейн Шанбезаде.

Иранда саясий туткун катары таанымал блогер Хоссейн Шанбезаде камакка алынганын «Фарда» радиосу маалымдады. Аны кармап кетишкенин өзү үй-бүлөсүнө телефон аркылуу билдирген.

Социалдык түйүндөрдөгү белгилүү активисттердин бири, редактор жана котормочу Шанбезаденин кармалышына эмне себеп болгону расмий айтыла элек.

Тарапташтары Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеинин X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү постторунун биринин алдына Шанбезаденин аккаунтунан чекит белгиси гана коюлган комментарийдин сүрөтүн жарыялап, аны ушул үчүн кармап кетишкен болушу ыктымал экенин боолгоп жатышат.

Көптөгөн колдонуучулар ошол сүрөттү жайылтып, Иран бийлиги чекит белгисинен да коркорун жазып, активистти күч кызматкерлери кармап кеткенин белгилөөдө.

Шанбезаде 2018-жылы «Ирандын ыйыктарына жана лидерине акаарат келтирген» деген айып менен түрмөгө отуруп чыккан.

Укук коргоочулар Иранда бийлик президенттин өлүмүнөн кийин социалдык түйүндөргө ким кандай маалымат жарыялап, бөлүшүп жатканына көзөмөлүн күчөткөнүн билдирүүдө.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары арасында Раисинин өлүмүн кубаттаган пикир айткандар да болгон.

Кармалгандар арасында 2022-жылдагы жапырт башаламандыкка катышкандар да бар.

Керман провинциясынын Соттук маалымат борбору 254 кишиге «акаарат келтирген» контент жарыялаганы үчүн телефон аркылуу эскертүү берилгенин, сегиз киши сотко чакырылганын өткөн айдын соңунда билдирген.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн кишилер кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган.

64 жаш курагында каза болгон Раиси Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарды. Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап, каза болгону расмий кабарланган.

Президенттин милдетин аткаруучу болуп 20-майда биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер дайындалган. Президенттик шайлоо 28-июнга белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG