Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:02

“РСК банктын” аталышы “Элдик банк” болуп өзгөртүлдү


“РСК Банктын” кеңселеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
“РСК Банктын” кеңселеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик “РСК банк” (“Расчетно-сберегательная компания” – “Эсептешүү-сактык компаниясы”) ачык акционердик коому “Элдик банк” ачык акционердик коому деп өзгөртүлдү. Буга байланыштуу Улуттук банк 5-июнда “РСК банктын” лицензиясын алмаштырганын 7-июнда кабарланды.

Президент Садыр Жапаров 17-майда Фейсбуктагы баракчасына “РСК банк” ачык акционердик коому “Элдик банк” деп өзгөртүлүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөктөшө турганын жазган.

“Расчетно-сберегательная компания” – “Эсептешүү-сактык компаниясы” ачык акционердик коому 1996-жылы негизделген. 2008-жылдан тартып, “РСК банк” аталышына өткөн. Учурда анын уставдык капиталы 10 млрд сомго жакын жана банктын 100% акциясы Министрлер кабинетине таандык. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG