Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Ош мэриясынын кармалган эки кызматкери үй камагына чыкты


Ош шаардык соту.
Ош шаардык соту.

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкар Пайзиев жана Жолдор башкармалыгынын орун басары Улан Олжобаев 31-июлга чейин үй камагына чыгарылды.

Мындай токтомду Ош шаардык соту 6-июнда чыгарганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылууда. Алар Ош шаарында курулуп жаткан асфальт, бетон заводго байланыштуу кармалганы кабарланган.

Ош шаардык мэриясы жана Шумкар Пайзиев менен Улан Олжобаев козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (DSh/BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG