Жогорку Кеңеште жаңы эки депутат ант берди

Айсулуу Мамашова жана Элдар Абакиров.

7-февралда экс-депутат Айсулуу Мамашова жана экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык кызматка киришти.

Алар диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыратылган “Альянс” фракциясынын мурдагы депутаты Фарходбек Алимжановдун жана ушул эле фракциянын мурдагы мүчөсү, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айыпталып жаткан экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин ордуна келишти.

43 жаштагы Элдар Абакиров Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетин, Кыргызстан мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы “Казак темиржол транспорту илимий-изилдөө институту” ишканасында программист-аналитик болуп баштаган. 2019-жылы экономика министринин орун басары болгон.

36 жаштагы Айсулуу Мамашова VI чакырылышта “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет. (BTo)

Дагы караңыз

CPJ уюму Кыргызстанда 11 журналисттин камакта калтырылышын айыптадыKloop порталын жабуу боюнча сотто эксперттер көрсөтмө берип жататКыргызстан рактан каза болгондор боюнча Борбор Азияда биринчи орунда туратБишкекте абоненттерге жылуулук жана ысык суу толук берилдиЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселеси көтөрүлдүОрусияда кыргызстандык жаран киши өлүмүнө шектелип кармалдыАзия кубогу: Иордания Түштүк Кореяны утуп, финалга чыктыКомиссия ЖЭБди модернизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат