Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Азия кубогу: Иордания Түштүк Кореяны утуп, финалга чыкты


Иордания курама командасынын оюнчулары жеңишин майрамдап жатат.
Иордания курама командасынын оюнчулары жеңишин майрамдап жатат.

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун биринчи жарым финалдык беттешинде Иордания курамасы 6-февралда Түштүк Кореяны 2:0 эсебинде утуп, өз тарыхында биринчи жолу мелдештин финалына чыкты. Голдорду Язан Аль-Наймат (53-мүнөттө) жана Муса Аль-Тамари (66-мүнөттө) киргизди.

Иордания бешинчи ирет Азия кубогуна катышууда. Эки жолу (2004-2011-жылдары) чейрек финалга чыкса, бул ирет мелдештин финалына жетти.

Тайпалык оюндарда Түштүк Корея менен (2:2) тең ойноп, Бахрейнге 1:0 менен утулуп, Малайзияны 4:0 эсеби менен уткан. Тайпадан үчүнчү орун менен плей-офф баскычына чыгып, 1/8 финалда Ирак курамасын мелдештен четтетип (2:3), чейрек финалда Тажикстанды 1:0 эсеби менен уткан.

Бул беттешке чейин Түштүк Корея менен Иордания бири-бири менен алты жолу ойногон. Иордания эки жолу утулуп, калган төрт оюнда тең чыккан.

ФИФАнын соңку рейтингинде Иордания курамасы 87-орунга жайгашкан. Иорданиянын футболчуларын марроколук Хуссейна Аммута 2023-жылдын жай айынан бери машыктырат.

Футбол боюнча Азия Кубогуну жарым финалына Иордания менен Түштүк Корея жана Иран менен Катар курама командалары чыккан. 7-февралда Иран - Катар курама командалары финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Финалдык беттеш 10-февралда болот.

Жарым финалдык беттеш алдында көптөр артыкчылыкты Түштүк Кореяга берип жатышкан. Ага негизги жүйө - команданы алда канча тажрыйбалуу Юрген Клинсманн машыктырып жатканы жана курамадагы Англиянын Премьер-лигасында ("Тоттенхэм") ойногон Сон Хын Мин баштаган тажрыйбалуу оюнчулар бар экени айтылган.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн мелдештерде Жапония төрт жолу, Сауд Арабиясы менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG