Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:42

Комиссия ЖЭБди модернизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат


Бишкек жылуулук электр борбору.
Бишкек жылуулук электр борбору.

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептерин аныктоо боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия ЖЭБди модернизациялоо үчүн техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу, локалдуу жылуулук электр станцияларын жана буу казандарын куруу боюнча сунуштарды берет.

Бул тууралуу комиссиянын 6-февралдагы отурумунда сөз болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев ЖЭБдеги авариянын келип чыгышына күнөөлүү адамдарга чара көрүү боюнча да сунуштар киргизилерин айтты.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияда дарыланууда.

Кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирген мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат.

Президент Садыр Жапаров 2-февралда Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде ЖЭБди толугу менен модернизациялоо тапшырмасын бергенин айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров адистер ЖЭБди жарым-жартылай же толук модернизациялоо жолдорун изилдей турганын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG