Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:48

CPJ уюму Кыргызстанда 11 журналисттин камакта калтырылышын айыптады


16-январда кармалып, 13-мартка чейин камакка алынган журналисттер.
16-январда кармалып, 13-мартка чейин камакка алынган журналисттер.

"Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму Кыргызстанда жапырт кармалган журналисттерди эки айга камакта калтыруу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин кескин айыптады. Комитеттин билдирүүсү анын сайтына жарыяланды.

“11 журналистти камакта калтыруу – Кыргызстандын жаңы тарыхындагы басма сөз эркиндигине жасалган кайталангыс кол салуу. Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн “Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин аралчасы” деген эски репутациясынан айрыганы турушат. Бийлик Темиров LIVE редакциясынын мурдагы жана азыркы журналисттерин токтоосуз түрдө бошотушу керек жана аларга тагылган жасалма айыптоолорду алып, көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоону токтотушу абзел”, – деп айтылат комитеттин Европадагы жана Борбор Азиядагы программасынын координатору Гүлноза Саиддин сөзүндө.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Бишкек шаардык соту 1-6-февраль күндөрү алардын бөгөт чарасы боюнча арыздарын карап, биринчи инстанциянын аларды Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимдерин күчүндө калтырган.

Камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле“Темиров LIVE” медиасынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG