Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:58

Бишкекте абоненттерге жылуулук жана ысык суу толук берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынын директору Уран Раимбеков Бишкекте бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилгенин билдирди. Бул тууралуу 7-февралда “Медиа штаб” кабарлады.

Уран Раимбековдун сөзүнө караганда, борбордогу 63 оорукана, анын ичинде бардык төрөт үйлөр, 84 бала бакча жана 54 мектеп жылытуу системасына кошулду. Бардык социалдык объекттер жана 59 ири объект жылуулук жана ысык суу менен камсыздалды.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияда дарыланууда.

ЖЭБдеги авариядан улам Бишкектеги тогуз районго жылуулук, шаарга ысык суу берүү токтотулган. Мектептер онлайн окууга өтүп, бала бакчалар ишин убактылуу токтоткон. Билим берүү мекемелери 7-февралдан тартып кайра кадимки тартипте иштеп баштады.

Кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирген мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат.

Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аны тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүп берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG