Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:51

Kloop порталын жабуу боюнча сотто эксперттер көрсөтмө берип жатат


Kloop порталын жабуу боюнча соттук отурум. 5-февраль, 2024-жыл.
Kloop порталын жабуу боюнча соттук отурум. 5-февраль, 2024-жыл.

Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу соттук отурумдар уланып жатат. 5-февралда болгон жараянда “Клооптун” материалдарына экспертиза жүргүзгөн эксперттер көрсөтмө берген.

Kloop порталы ал отурумда эксперт Жекшенбек Аралбаев сайттын материалдарына эксперттик корутунду жазбаганын, “үстүртөн гана окуганын” моюнуна алганын жазды. Ишти кароо 9-февралда уланат.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клоопту” жабуу боюнча сотко кайрылганы 2023-жылы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги былтыр сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

Министрлик өткөн жылдын 9-октябрында Kloop.kg сайтынын орусча тилиндеги версиясын бөгөттөгөн. Кийин кыргыз тилиндеги версиясын да жапкан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG