Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:09

ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү


Бишкек жылуулук электр борбору.
Бишкек жылуулук электр борбору.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин 7-февралдагы жалпы жыйынында Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселесин көтөрүштү.

Депутат Эмил Токтошев бул маселени Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында карап чечим кабыл алып, жалпы жыйынга алып чыгуу сунушун берди.

“Ушул заманда жашап атып 60-70 жыл мурунку техниканы иштете албай атабыз. Бул жерде атайын уюштурулган эч нерсе жок. Бул шалаакылык, ишин билбегендик. ЖЭБде бир жылда үч жолу директор алмашкан. Кудай сактап түн ичинде жарылуу болуптур. Күндүз жарылса эмне болот эле? Ушундан улам канча деген экономикалык чыгым болду?”, - деди ал.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов ЖЭБдеги аварияны мекемелер аралык комиссия иликтеп жатканын, жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке маалымат берилерин айтты.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияда дарыланууда.

Быйыл 18-январда ЖЭБдин директору алмашып, Улан Сапаровдун ордуна Алпбек Садыров дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG