Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

Орусияда кыргызстандык жаран киши өлүмүнө шектелип кармалды


Орусияда киши өлүмүнө шектелип кармалган кыргызстандык жаран. Орусиянын Тергөө комитети тараткан сүрөт.
Орусияда киши өлүмүнө шектелип кармалган кыргызстандык жаран. Орусиянын Тергөө комитети тараткан сүрөт.

Москва шаарында кыргызстандык жаран көп жыл мурун Орусиянын субъектиси – Хакасия Республикасындагы 30 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин аталган республикадагы бөлүмү телеграм каналында кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 1996-жылы укук коргоо органдарына Хакасиянын борбору Абакандагы жер үйлөрдүн биринде аял кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кезинде кылмыш иши козголуп, ага шектүү адам кармалбай калган. Кийин тергөө иштери убактылуу токтотулган.

2024-жылы жүргүзүлгөн мурдагы жылдардагы кылмыштарды иликтөөгө багытталган жумуштардын алкагында аталган иштин материалдары кайрадан изилденип, ага Кыргызстандын 53 жаштагы жаранынын тиешеси бар экени аныкталган.

Тергөө кызматы каналда айыпталуучунун видео көрсөтмөсүн да жарыялады. Анда ал Хакасияда кийим сатуу бизнеси менен алектенип жүрүп, 1995-жылы кирешеден кол жууп калган соң, Кыргызстанга кайтуу үчүн тааныштарынын акчасын уурдап алууга аракет кылганын айтып берген. Фигурант 1996-жылы мартта мас абалында тааныш эркектин үйүнө кирген. Эшикти анын тууганы, аял киши ачкан. Шектүү үйгө кирип, аялды башына уруп, кийин муунтуп өлтүрүп, акчаны алып кеткенин мойнуна алган.

Шектүү көп жыл Кыргызстанда жашап жүрүп, кайра Орусияга келген маалда 1-февралда кармалган. Сот аны камакка алган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын миллиондон ашык жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG