Кыргызстан рактан каза болгондор боюнча Борбор Азияда биринчи орунда турат

Аялдарды онкологиялык ооруга акысыз текшерүү учуру

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда жыл сайын 5500гө жакын кишиден онкологиялык оору жаңы аныкталарын, өлкө рактан каза болгон адамдардын саны боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турарын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыл сайын аялдар арасында жатын моюнчасынын рагы менен 600 учур аныкталса, анын 300ү каза табат. Мекеме дартты эрте аныктоо үчүн рактын алгачкы белгилери тууралуу калкка маалымат берип, үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүп туруу зарыл экенин белгиледи.

Кыргызстанда 30 миңге чукул адам онкологиялык оору менен каттоодо турат. Оорусу жаңы аныкталгандардын жарымы бир жылга жетпей каза болот.

Аялдар арасында жатын моюнчасы менен эмчек рагы кеңири жайылган. (BTo)

Дагы караңыз

Азия кубогу: Иордания Түштүк Кореяны утуп, финалга чыктыСот: Шайлоо боюнча кылмыш ишинде Трамптын иммунитети жокУкраинада согуштук абалдын жана мобилизациянын мөөнөтү узартылды Орусиянын абагында кыйноого кабылган борборазиялык жаран каза болдуЧилиде токойлордогу өрт кырсыгынан каза болгондор 123кө жеттиБлинкен Газадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулоодо6-февраль: ЖМК жөнүндө талаштуу долбоор, эки журналисттин соту, британ падышасынын дарты