Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Сот: Шайлоо боюнча кылмыш ишинде Трамптын иммунитети жок


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда федералдык апелляциялык сот 6-февралда мурдагы президент Дональд Трампта кылмыш жообуна тартылуудан коргоочу иммунитет жок деген чечим чыгарды. Иш Колумбия округунун апелляциялык сотунда каралып, Трамп 2020-жылдагы шайлоодогу утулушун жокко чыгарууга аракет кылган, америкалык демократияга жана бийликти өткөрүп берүү процессине көлөкө түшүргөн деген айыптоого каршы иммунитeти жоктугун аныктады.

Талдоочулар белгилегендей, бул мурдагы президентти соттук териштирүүлөргө тартышы ыктымал болгон жаңы кадам.

Судьялар Трамптын жактоочуларынын ал жоопко тартылышы мүмкүн эмес, себеби айыптоо анын президенттик кызматтагы расмий иш милдеттерине байланыштуу болууда деген өтүнүчүн четке какты.

Трамптын жактоочулары тийиштүү инстанцияга бул чечимге каршы арыздана алышат.

Миллиардер ишкер Дональд Трамп АКШны 2017-жылдын 20-январынан тартып 2021-жылдын 20-январына чейин башкарган. Кошмо Штаттарда кезектеги президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрында өтөт. Ага 2020-жылдагы шайлоого катышып, азыркы президент Жо Байденге утулганда добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого аракет кылган деген доо коюлган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG