Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Орусиянын абагында кыйноого кабылган борборазиялык жаран каза болду


Орусияда абакта мурда кыйноого кабылганы айтылган борборазиялык Тахиржон Бакиев каза болду. Бул тууралуу бүгүн 6-февралда журналисттерге анын жакындары кабарлашты.

Маркумдун бир тууганы Наргиз Бакиеванын айтымында, окуя Иркутск облусундагы №6 абакта болду, колониянын администрациясы ал асынып алганын, сөөгүн алып кетүү керектигин телефондон кабарлады.

Түрмөдөн жазган акыркы катында ал кыйноонун кесепетин жеңилдетүүгө жардам сурап, «өзү өлдү» деп каза болуудан коркуп жатканын билдирген.

Бир жыл мурда Иркутск соту Бакиев 2021-жылы кыйноого, зордуктоого, ур-токмокко кабылганын аныктап, бул үчүн түрмөнүн жетекчисин жана дагы эки кишини беш жылга эркинен ажыраткан.

Курал-жарак сатууга айыпталып, жети жылга абакка кесилген Бакиевди караган дарыгерлер ал зордуктоодон кийин өтө катуу жаракат алганын билдиришкен.

Gulagu.net укук коргоо уюумунун кийлигишүүсүнөн кийин Бакиевди ооруканага жаткырышып, иш козготуп, тергөө башташкан.

Бакиев Орусияга Борбор Азиянын кайсы өлкөсүнөн барганы тууралуу ачык маалымат жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG