Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Чилиде токойлордогу өрт кырсыгынан каза болгондор 123кө жетти


Чили. 2024-жылдын 3-февралы.
Чили. 2024-жылдын 3-февралы.

Чилиде токойлордо тутанган өрт кырсыгынан каза болгондор саны бүгүн 6-февралга карата 123кө жетти. Өлкөнүн борбордук аянтындагы ири өрт кырсыктары эл жашаган айрым кварталдарды толугу менен жок кылып, калктуу пункттарга олуттуу зыян келтирди.

Президент Габриэл Борич Чили өтө чоң масштабдагы трагедияга кабылганын айтып, дүйшөмбү күнү эки күндүк Аза күтүү жарыялады.

Өткөн аптанын жума күнү күчөгөн өрт азыркы тапта Винья-дел-Мар жана Вальпараисо шаарларына коркунуч жаратууда. Борбор калаа Сантьягодон батыш жакты көздөй жайгашкан бул шаарлар туристтер арасында өтө популярдуу, калкынын жалпы саны миллиондон ашат.

Кургакчылык, абанын температурасы 40 градустан ашып, шамал болуп жатканы абалды ого бетер курчутууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өрт жалпысынан 160 жерде тутанды.

Эң көп жабыркаган райондордо өкмөттүн чечими менен түнкүсүн коменданттык саат жарыяланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG