Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Украинада согуштук абалдын жана мобилизациянын мөөнөтү узартылды


Жогорку Рада.
Жогорку Рада.

Украинада согуштук абалдын жана жалпы аскердик мобилизациянын мөөнөтү узартылды. Бүгүн 6-февралда өлкөнүн парламенти Жогорку Рада президент Владимир Зеленскийдин тийиштүү жарлыгын бир добуштан колдоду.

Добуш берүүгө 335 депутат катышты, алардын баары макул деп добуш беришти, каршы чыккандар болгон жок.

Орусия кол салган 2022-жылдын 24-февралында жарыяланган согуштук абал жана мобилизация мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Бул жолу 13-майга чейин деген үч айлык мөөнөт коюлду.

Добуш берүү формалдык мүнөзгө ээ болду, анткени өлкөдөгү саясий күчтөрдун бири да кармаш токтой эле болгондуктан согуштук абалды токтотууну сунуш кыла албайт.

Муну менен быйыл 31-мартта өтө турган президенттик шайлоонун жана азыркы президент Владимир Зеленскийдин май айына чейинки ыйгарым укуктарынын да мөөнөтү жылды.

Мыйзам боюнча, шайлоону согуштук абал алынгандан кийин гана өткөрүү мүмкүн.

7-февралда украин парламенти коомчулукта кызуу талкууланып жаткан аскердик каттоо жана мобилизация тууралуу мыйзам долбоорун кароого киришет. Анда мобилизация боюнча аскерге чакыруунун, эрежелерди катуулатуунун жол-жобосу жазылган. Карала турган сунуштардын бири – аскердик каттоого турбагандардын же чакыруу кагазын алып, бирок дайынын билдирбей койгондордун айрым укуктарын чектөө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG