Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Блинкен Газадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулоодо


Энтони Блинкен Египетте.
Энтони Блинкен Египетте.

Газа маселесин талкуулоо үчүн бир катар араб өлкөлөрүн кыдыра баштаган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бүгүн 6-февралда Египетке барып, бул өлкөнүн президенти Абдел Фаттах ас-Сиси менен жолукту. Каирдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин ал Катардын борбор шаары Дохага барып, өлкөнүн башкаруучу эмири, шейх Тамим бин Хамад ал Тани жана премьер-министри Мухаммед бин Абдулрахман ал Тани менен жолугушат.

Кечээ Блинкен аталган аймакка Газадагы согуш башталгандан берки бешинчи иш сапары алкагында алгач Сауд Арабиясына барып, Эр-Рияд шаарында мураскер ханзаада Мухаммед бен Салман менен сүйлөшүү өткөргөн жана Газанын гуманитардык муктаждыгын канааттандыруунун, согуштун ырбап кетпешине жол бербөөнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Сүйлөшүүлөрдөгү негизги тема – Газадагы атышууну токтото туруу жана ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) тобу төрт айдан бери барымтада кармап турган израилдик жарандарды бошотуу.

АКШ, Египет жана Катар атышууну токтотуу тууралуу сунушун иштеп чыккан. Азыр ошол сунуш боюнча ХАМАСтын жообун күтүп жатышат.

Согуштагы буга чейинки бир апталык тыныгуу ноябрь айынын соңунда болгон. Анда Газада барымтада кармалып турган 100 киши, Израилдин түрмөлөрүнөн камактагы 240 палестин жараны бошотулган.

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 27 миңден ашуун адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG