Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

6-февраль: ЖМК жөнүндө талаштуу долбоор, эки журналисттин соту, британ падышасынын дарты


6-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Депутат “ЖМК жөнүндө” долбоор Орусиядан көчүрүлгөнүн айтты

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун 95% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн билдирди. Эл өкүлү документте катаал чаралар камтылганын айтып, аны өзгөртүү керектигин кошумчалады. Ошентип, парламенттин Конституциялык мыйзамдар комитети долбоорду күн тартибинен алды. Буга чейин “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин эки комитети биринчи окууда колдогон. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, бардык медиа каражаттары Юстиция министрлигинде кайра каттоодон өтүшү керек. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар мыйзам долбоору сөз эркиндигине кедергисин тийгизе турганын эскертип жатышат.

Шаардык сот дагы эки журналистти камакта калтырды

Бишкек шаардык соту “ПолитКлиника” медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбековду жана “Алга медиа” каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровду 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырды. 5-февралда “Темиров LIVE” жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызына, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовго, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековго, “Арча Медианын” (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевге жана “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек уулуна, 2-февралда “Темиров LIVE” редакциясынын журналисти Сапарбек Акунбековго, кызматкери Акыл Орозбековго жана редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевге жана 1-февралда “Темиров LIVE” редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекеевага да ушундай эле чечим чыккан. Милиция аларды 16-январда кармап, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып койгон. Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат.

Актилек Капаров жана Тыныстан Асыпбеков. Коллаж.
Актилек Капаров жана Тыныстан Асыпбеков. Коллаж.

Мадумаровдун сотунда 34 күбө суралды

Беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун сотунда 34 күбө суралды. Бул тууралуу адвокат Ольга Жукова билдирди. Соңку үч аптадан бери мурдагы жана азыркы чиновниктер күбө катары көрсөтмө берүүдө. Иште баш-аягы 65 күбө бар. Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам жазган арыз боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Мадумаров айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Бөйрөк алмаштыруу операциялары акысыз болот

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда гемодиализ алып жаткан бардык адамдардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөп бере турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде айтты. Расмий маалыматта ушу тапта өлкөдө 2654 бейтап мамлекеттик программа аркылуу гемодиализ алып жатат. Президент алардын ичинен 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өткөнүн, эми бөйрөк алмаштыруу операциясына даярдык иштери башталганын кошумчалады. Донор тапкан бейтаптарга мамлекет 7-8 миң доллар берет.

Газа: Израил Рафахтагы операциясын баштады

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Египет менен чектеш тилкесиндеги Рафах шаарында "террорчуларды жок кылууга" киришкенин 5-февралда жөөт коргоо министри Йоав Галлант билдирди. Ал ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) радикал тобунун 18 куралчан бөлүгү жок кылынганын, бул бирикменин катарындагы согушкерлердин дээрлик жарымы набыт болгонун же оор жараат алганын айтты. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси төрт айдан берки согушта 27 миңден ашуун киши өлгөнүн, алардын көбү аялдар жана балдар экенин билдирди. Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Соңку маалыматка караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар.

Британ падышасы Чарльз III рак илдетине чалдыкты

Букингем сарайынын басма сөз кызматы британ падышасы Чарльз III рак оорусунан дарылана баштаганын билдирди. Расмий кабарга ылайык, падыша ар кандай ушак-айыңдын алдын алуу үчүн ден соолугу тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. Анын оорусу жакында простата безинин чоңоюшун дарылоо учурунда аныкталган. Бирок рактын простата безине тиешеси жок. Билдирүүдө падышанын дарты азыр кайсы баскычта экени же дарыгердин божомолу айтылган эмес. Би-би-си жазгандай, Чарльз III амбулатордук негизде дарыланат. Бул маалда өз милдеттеринин бир бөлүгүн, анын ичинен эл алдында сүйлөөнү токтотот. Бирок ыйгарым укуктарынын негизги бөлүгүн аткарууну уланта бермекчи. 75 жаштагы Чарльз III ханыша Елизавета II дүйнө салгандан кийин 2023-жылы 5-майда такка отурган.

Казакстанда жаңы премьер-министр дайындалды

Казакстанда өкмөттү Олжас Бектенов жетектейт. Ал былтыркы апрелден бери президенттик администрациянын башчысы болуп иштеп келген. Бектеновдун талапкерлигин бийликтеги «Аманат» партиясы сунуш кылды. Эми ал өкмөттүн жаңы курамы боюнча сунуштарын президентке берет. Тышкы иштер, коргоо жана ички иштер министрлерин президент өзү дайындайт. 43 жаштагы Олжас Бектенов бир жылдай Казакстандын коррупцияга каршы агенттигин да башкарган. Былтыр сентябрда дайындалган коңшу өлкөнүн өкмөтү 5-февралда отставкага кетирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG