Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:07

Жаңы машыктыруучу: Балбандарга диетолог керек, психолог зарыл эмес


 Жаңы башкы машыктыруучу Уран Калилов балбан Жоламан Шаршенбеков менен машыгуу учурунда.
Жаңы башкы машыктыруучу Уран Калилов балбан Жоламан Шаршенбеков менен машыгуу учурунда.

Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча курама командаларынын башкы машыктыруучулары кызматтан кетип, алардын ордуна жаңылары шайланганын Күрөш федерациясы расмий жарыялады.

Мунун алдында федерациясынын президенти алмашып, Мелис Турганбаевдин ордуна Эркин Тентишов шайланган. Андан сырткары федерациянын башкы катчысы, вице-президенттери да алмашты.

Грек-рим күрөшү боюнча мурдагы башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев баш болгон машыктыруучулар 2018-жылы шайланып, эки Олимпиадалык түрмөктө иштеди. Бул арада Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары Токио Олимпиадасынан бир күмүш, Париж Олимпиадасынан үч коло медалга ээ болушту. Андан сырткары Азия, Дүйнө чемпионаттарында, эл аралык мелдеште жеңүүчү, байге ээси болгон балбандар арбын.

Грек-рим күрөшү бонча улуттук курама командага жаңы башкы машыктыруучу болгон Уран Калилов “Азаттыкка” маек куруп, алдыдагы максаттарын айтып берди.

- Саламатсызбы Уран мырза. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучулар курамы кандай тандалды?

- Мен башкы машыктыруучулук кызматка сынак менен өттүм. Атайын шайлоо болду. Бул шайлоого машыктыруучулар, федерация өкүлдөрү катышты. Канат Бегалиев катышып, ой-пикирин айтып, мындан ары тажрыйбасы менен бөлүшүп турарын да айта кетти. Биримдикте, ынтымакта иштесек, курама командабыз жакшы жыйынтыктарга жетет деп ойлойм.

- Сиз грек-рим күрөшүнөн 55 килограмм салмакта Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгонсуз. Эл аралык бир нече мелдештерде да байге алып, Олимп оюндарына эки жолу катышкансыз. Спорттук карьераңыз аяктагандан кийин кандай иштер менен алек болдуңуз?

- Мен 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын бүтүргөм. 17 жыл машыктыруучулук менен алектендим. Анын арасында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Күрөш кафедрасын жетектеп иштедим. Андан сырткары Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайда иштедим. Дене тарбия жана спорт боюнча илимдин кандидаттыгын жактадым.

- Улуттук курамада кандай өзгөрүүлөр болот?

- Албетте, курамага өзгөртүү киргизем. Өзүм илимдин кандитаты болгон соң, сөзсүз илим жагынан тажрыйбага көбүрөөк басым жасайм. Курама команданын акыркы Олимпиада оюндарына катышкан натыйжасын ала турган болсок, катачылык кетти деп айта албайм, жакшы эле күрөштү. Бирок дагы жаңы өзгөртүүлөрдү киргизгенге мен даярмын. Анткени медицина жагынан аксап атабыз. Балдардын кан басымынын аябай төмөндөшү, салмак кууганда балдардын кайра калыбына келиши начарлаганы байкалды. Мен ошол жаатта көп жылдан бери тажрыйба топтоп келе жатам. Диетологду кошуп, балдардын ден соолугуна, кайра калыбына келишине, күч-кубатына өзгөчө көңүл бурам.

- Демек, курамага диетолог, психологдорду да кошот турбайсызбы?

- Диетолог керек. Спортчуларды кайра калыбына келтирүү боюнча менин да өзүмдүн ыкмаларым бар. Кээ бир витаминдер жетпей калганы үчүн да, кайра калыбына келүү жайлап калат. Кийинки Олимпиада оюндарында биз жакшы ийгиликке жетебиз деп ишенем. Ал эми психолог тууралуу айтсам, дүйнөдө тажрыйбалуу психологдор табылгыс. Анан бизде жеке машыктыруучулар өздөрү эле психолог болуп калышкан. Балбандардын жеке машыктыруучулары жанында турса, менимче, психологдордун деле кереги жок.

- Олимпиада демекчи, улуттук кураманы эки Олимпиада оюндарына жетектеп барган грек-рим күрөшү боюнча мурдагы башкы машыктыруучу Азат Эркинбаевдин ишине кандай баа бересиз?

- Азат Эркинбаевдин тушунда дүйнө чемпиондору Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков чыкты. Олимпиада оюндарынан бир күмүш, үч коло медалды алып келди. Бирок Кыргызстан 1980-жылдан бери, эгемендикти алгандан бери да Кыргызстан Олимпиаданын алтын медалына жете элек. Бул мага өтө оор жүк болуп келди. Өтө чоң жоопкерчиликти сезип турам. Биз федерация, машыктыруучулар штабы, балбандар - баарыбыз чогуу бирдикте иштесек, ийгилик жарата алабыз деп жүз пайыз ишенем. Анткени биздин балбандар тажрыйбалуу, дүйнөгө таанымал. Бул жерде тактика, техника жана кайра калыбына келүү жагынан кичине аксап турабыз. Буларды чечкенге мен да жаңы методика киргизип, өз салымымды кошом деп ойлойм. Келе жаткан Олимпиадага жакшы ой, жакшы даярдык менен кирип барсак, ийгилик жаратабыз деп турам.

- Буга чейин балбан Жоламан Шаршенбеков салмагын өзгөртөм деген жайы бар. Бул жагына кандай карайсыз?

- Олимпиадага катышкан балдарын салмактары өзгөрүшү мүмкүн. Бул өзүнүн ден соолугуна байланыштуу же алдыга койгон максаттары болушу мүмкүн. Андан сырткары организм да бир орунда турбайт да, өсөт. Бир салмакты кармаш аябай кыйын. Мен өзүм да күрөшүп жүргөм. Бул маселени аябай жакшы түшүнөм. Бул маселени балбандардын жеке машыктыруучулары менен чогуу чечебиз.

- Алдыда кандай мелдештер болот?

- Январь айында календарлык план боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул мелдеште биринчи-экинчи орунду алган балбандардан курама түптөлөт. Анын негизинде жылдык календарлык план түзөбүз. Ошол план менен турнирлерге, Азия оюндарына, Дүйнө чемпинатына катышабыз. Окуу-машыгуу жыйындары да башталат.

Уран Калилов балбан Акжол Махмудов менен.
Уран Калилов балбан Акжол Махмудов менен.

- Жаш балбандарга да өзүн көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк берилеби?

- Бизде жаш балбандар аябай көп. Таланттуу жигиттерибиз бар. Мен ар бир балага мүмкүнчүлүк берем. Кыргызстандын чемпионатында биринчи орунду алса, ошол бала гана дүйнө чемпионатына барат деп баарына айтып атам. Мурункудай тигинин же мунун таанышы, иниси барат деген жок болот.

Биздин Олимпиадага катышкан спортчуларыбыз төрт жыл машыгып, ден соолугуна көп күч келген. Мен бул төрт балбанды - Акжол, Жоламан, Үзүр жана Амантурду жакында боло турган Кыргызстандын чемпионатынан бошоттум. Бирок бул бир эле жылга. Буларды биз кийинки Олимпиадага чейин сакташыбыз керек. Эмки жылдын жай айларынан алар кайрадан машыгууларга катуу киришет. Бирок мындан кийин ар бир балбан Кыргызстандын чемпионатына катышат. Кыргызстандын чемпионатына катышпай туруп улуттук курамага кирүү деген болбойт. Балбаныбыз ооруп же жараат алып калса мен түшүнөм, бирок баары жайында болуп катышпай койсо туура эмес. Баары катышууга тийиш. Күйөрмандар Акжол, Жоламандын беттешин көрөбүз деп келет да. Алар Кыргызстандын чемпионатына катышпай калса, күрөш күйөрмандары нааразы болууда. Андан сырткары жаш спортчуларга кандай күрөшүүнү көрсөтүш үчүн да биринчи номердеги балбандарыбыз өзүбүздүн чемпионатка сөзсүз катышканы оң.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Уран Калилов 43 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча 55 килограмм салмакта Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Уландар, жаштар арасында Дүйнө чемпиону. Жаштар арасында Азия чемпионатынын алтын медалын тагынган. Сидней жана Афина жайкы Олимп оюндарынын катышуучусу. Азия Оюндарынын жана Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси.

Шерине

XS
SM
MD
LG