Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:28

Жоламан Шаршенбеков: Кийинки Олимпиадага даярданам, эч качан токтобойбуз


6-августта Париж Олимпиадасынын коло медалын уткан Жоламан Шаршенбеков “Азаттыкка” кыска маек куруп, өзүнүн сезими менен бөлүштү.

“Кудайдын буйругу ушул экен, чындыгында мен деле алтын алгым келген. Негизи айта турчу нерсе көп. Кудай буюрса, муну менен токтобойбуз. Түнү менен салмак куудук. Утулдук деп баарын таштап, үмүт үзүп койгон туура эмес. Кудай алдыда дагы көп жакшы нерселерди даярдап турат. Албетте, кийинки Олимпиадага даярданам, эч качан токтобойбуз”,-деди Жоламан Шаршенбеков.

Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта коло медал утту. Бул Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы байгеси.

Шаршенбеков 6-августта 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди.

Шаршенбеков жарым финалдык беттеште жапон балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилип калды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка тансак, Жоламан Шаршенбеков буга чейин ирандык балбан Мехди Мохсен Нежад менен Азия жана Дүйнө чемпионаттарында төрт жолу беттешип, бардык таймаштарын уткан.

2019-жылы 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 4:0, 2020-жылы Азия чемпионатынын жарым финалында 9:2, 2022-жылы Азия чемпионатынын финалында 4:0, 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын жарым финалында 4:3 эсебинде жеңген.

Жоламан Шаршенбеков 25 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азиянын үч жолку чемпиону жана эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токиодо болгон Олимп оюндарында 7-орунду ээлеген.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз. (AbA)

XS
SM
MD
LG