- Cадык мырза, Париж Олимпиадасы аяктады. 16 кыргыз спортчусу эки күмүш, төрт коло медал менен кайтып келатат. Бул жолку Олимпиаданын кыргыз спорту үчүн мааниси кандай болду?
- Менин оюмча жемиштүү болду. Себеби ар бир нерсе салыштыруу аркылуу билинет да. Башка Олимпиадалардын баарын чогуу карасак, Париждеги Олимпиада ушундай жыйынтык менен аяктады. Ийгиликтүү деп атасак болот. Анткени Олимпиадага мыктылардын мыктылары келишкен. Заматта эле космоско учуп кетүү мүмкүн эмес да. Ошон үчүн мурункуларга караганда, азыркы чоң жетишкендик.
Эффективдүү аракеттер коэффицентин жарыяланганда, 16 атлет менен келип, алты медал алганы Кыргызстанды биринчи орунга чыгарып жатат. Ал эми бокстогу жетишкендик негизи эле баарыбызга жомок болду. Чынын айтканда кыргыз эли деле, анын ичинде мен деле мындайды күткөн эмеспиз. Мунарбек чоң жылдыз, ачылыш болуп чыга келди. Бир мушкер келип, күмүш медалга татыганы абсолюттук рекорд деп койсок болот.
- Париж оюндары күтүлбөгөн окуяларга бай болду. Кыргыз балбандарынын ийгилиги менен ызасына, мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун чоң чеберчилигине, суучул Денис Петрашов менен жөө күлүк Сардана Трофимованын жогорку көрсөткүчтөрүнө күбө болдук. Мындай жыйынтыкты кандай баалап турасыз?
- Бокстогу жеңиш эми кыргыз мушкерлерин чоң сереге сүрөйт деген ойдомун. Эсиңерде болсо керек, өткөн Олимпиадада Айсулуу кызыбыз утканда Күрөш федерациясы аябай чоң жетишкендикке жетип, азыр Дүйнөлүк рейтингде үчтүктүн, бештиктин тобуна кирип калбадыбы. Мунарбектин жеңиши да боксто чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга түрткү болот. Сиз айткандай, шарттуу түрдө күрөшчүлөргө, балбандарга көбүрөөк көңүл буруп келебиз.
Ошондуктан Денис Петрашов, Сардана Трофимова да чоң ийгилик жаратты деп толук айта алам. Анткени 80-90 атлеттин арасында 14-орунга чыгуу - чоң жетишкендик. Ошондуктан бул тарапка дагы анализ жүргүзүлөт деген ойдомун. Ошол анализ жүргүзүлгөндөн кийин бул спорттун түрлөрүнө да жеткиликтүү көңүл бурулат деп ишенем.
- Сиз айткандай, мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун финалга чыкканы баарыбыз үчүн эле күтүүсүз болду. Анын жеке машыктыруучусу жок барганы коомчулукту бир сыйра нааразы кылды. Андан сырткары бир катар спортчулар тамак-аш тартыш болгонун айтышты. Бул эмнеден болду?
- Менин оюмча мүчүлүштүктөр ар дайым болот да. Эгер мындай мүчүлүштүктөр болуп жатса, анда эң негизгиси Эл аралык Олимпиада комитетинде. Анткени ар бир нерсени жаңы баштап атканда бир аз мүчүлүштүктөр болот. Биз да кабардар болдук. Петрашовдун айтканын укпадыкпы. Бирок ошол учурда эле мен өзүм барып, Олимпиада айылын караганда ал жерге мүмкүн болушунча азык-түлүк дүкөндөрүнөн бери куруп салышкан экен. Маселени чечүүгө спортчулардын мүмкүнчүлүгү бар болчу.
Менин оюмча көпчүлүктүн жаалданган пикири көбүрөөк басым жасап кетти. Мындай чоң иш-чарада мүчүлүштүктөр болот. Ошон үчүн ар бир спортчуга мобилдүүлүгү, эрки, уюштуруучулугу, ошол жердеги федерация башчыларынын да уюштуруу жөндөмдүүлүгү көп таасир этет.
- Париж оюндары кыргыз атлеттеринин күрөштөн башка да спорттун түрлөрүнөн мүмкүнчүлүгү чоң экенин көрсөттү. Лос-Анжелес Олимпиадасына чейин кандай максат коюу керек?
-Биз сабак алышыбыз керек деген ойдомун. Анткени боордош мамлекеттерди карап отурдук да. Ошонун ичинен өзгөчөлөнүп көрүнгөнү Өзбекстандын уюштуруу жагы, коштоо жагы да аябагандай бийик деңгээлге жеткенин байкадым. Мына мисалы боксто катышып отуруп алардын ушундай командасы демдүү, керек болсо музыкалык аспаптар менен келип, колдоп-сүрөп, өзүнчө шаң жаратып турганы бир башкача тажрыйба деп ойлойм. Ошондой тажрыйбаларды биз үйрөнүшүбүз керек.
Олимпиада биринчи кезекте шаң, экинчи кезекте дем, эрк, күч, дух. Ошонун баары эске алынып, психологиялык жактан чоң өбөлгө түзүлүш керек деген ойдомун. Бул дагы чоң жагдай жарата алат экен. Ошон үчүн өзбек туугандар бул жактан баарыбыз үйрөнө турган, сабак ала турган нерсени көрсөттү.
- Маегиңизге чоң рахмат.