Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өкмөттүн жыйынында электр энергиясына акы төлөбөгөндөрдү жана уурдагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштады.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Рахмон электр энергиясы коромжу болуп жатканына жана күз-кыш мезгилинде нормадан ашыкча коротулушуна тынчсыздануусун билдирди. Ал тиешелүү кызматкерлерге энергетика тармагындагы кемчиликтерди жоюуну жана электр жарыгын уурдоону токтотууну тапшырды.
Жыл сайын Тажикстандын тургундары электр жарыгынын утур-утур өчүрүлгөнүнө даттанышат. Өкмөттүн графигине ылайык, күнүнө бир нече саат электр энергиясы берилбейт.
Бийлик өкүлдөрү буга жаан-чачындын аздыгын, суу сактагычтардагы суунун деңгээлинин төмөндүгүн, жабдууларды оңдоо иштери, авариялар жана электр энергиясына болгон керектөөнүн өсүшү себеп болуп жатканын белгилешет.
2019-жылы Рогун ГЭСинин экинчи агрегаты ишке киргизилгенде, Рахмон энергетика тармагындагы реформалар электр жарыгы менен камсыздоону жакшыртып, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жай айларында коңшу өлкөлөргө экспортту көбөйтүүгө жардам бергенин билдирген.
2024-жылдын август айында "Барки Точик" компаниясы Рогун ГЭСинин курулушу толук аяктаганга чейин электр энергиясына чектөөлөр киргизиле берерин маалымдаган. ГЭСтин эки агрегаты ишке берилген, үчүнчүсүн 2025-жылы иштетүү пландалууда.
Шерине