Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти


Мелис Турганбаев.
Мелис Турганбаев.

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев бул кызматтан кетти. Маалымат федерациянын Фейсбуктагы баракчасына чыкты.

Ал 2021-жылдын 3-декабрында 2024-жылдын аягына чейин Олимпиадалык циклге Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланган. Мелис Турганбаев 2012-жылдан 2021-жылга чейин бул уюмда вице-президенттик кызматты аркалап келген.

Мелис Турганбаев 62 жашта. 2021-жылы Спорттук күрөш боюнча Азиялык Кеңештин (“UWW-Asia”) аткаруу комитетинин мүчөсү, бул уюмдун борбор Азия боюнча куратору болуп дайындалган.

Мурдагы ички иштер министри, жаза аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында Дүйнө чемпиону (2019-ж). Дүйнө чемпионатында эки коло байге алган (2016-ж., 2018-ж.). Бир нече жолу Жоргорку Кеңешке шайлоодо талапкерлигин койгон. (BTo/ECh)

XS
SM
MD
LG