Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Жакырчылык басаңдап, байлык көбөйдү


Гондурастан АКШга карай багыт алган кербени. 15-октябрь, 2018-жыл.
Гондурастан АКШга карай багыт алган кербени. 15-октябрь, 2018-жыл.

Дүйнөдө өтө жакырлардын саны азайууда, бирок бул жараян мурдагыдан солгундап кетти. Дүйнөлүк банк акыркы иликтөөсүндө мына ушундай бүтүм чыгарды.

Бирок бул эл аралык уюм жакырчылыкты жоюу боюнча 2030-жыл үчүн пландалган глобалдык максат орундалбай калышы мүмкүн деп кооптонууда.

Ал арада дүйнөдө акыркы бир жылда байлыктын акчалай көлөмү беш пайызга жакын арбыганы да аныкталды. Дүйнөлүк банк “өтө жакырлардын глобалдык саны жаңы төмөнкү чекке түштү” деген бүтүмүн колдогу эң соңку маалыматка таянып билдирүүдө.

Уюмдун өткөн аптада жарыяланган баяндамасына караганда, 2015-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө өтө жакырлардын же күнүнө эки доллардан аз каражатка жашагандардын жалпы саны 2013-жылдагыга караганда 68 миллион кишиге азайып, 736 миллионго түштү.

- Акыркы 25 жылда бир миллиарддан ашуун адам өзүн катуу жакырчылыктын сазынан чыгарды. Учурда жакырчылыктын глобалдык деңгээли тарыхта буга чейин болбогондой төмөн. Бул – адамзаттын биздин доордогу эң ири жетишкендиктеринин бири. Бирок биз жакырчылыкты 2030-жылга карата жоюшубуз керек болсо - анда көбүрөөк, өзгөчө адам капиталын түзүүгө, калган жакырлардын баарына жеткидей ар тараптуу өсүштү колдоого жардам берчү инвестицияга муктажбыз, - деди Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ён Ким.

Ал буга чейин Эл аралык Валюта Фонду менен Дүйнөлүк банктын Индонезиядагы жылдык кеңешмесинде чыгып сүйлөгөн. Өз сөзүндө Ким ири өлкөлөр ортосундагы “соода согуштары” глобалдык экономикалык өсүштү басаңдатуу менен жакырчылыкты азайтууга залакасын тийгизбесе экен деп кабатыр болгон эле:

Жим Ён Ким.
Жим Ён Ким.

- Жакырчылыкты жоюш үчүн соода өзгөчө маанилүү. Ал өтө көп адамды катуу жакырылыктан куткарды. Биздин эсебибизде, өнүгүп келаткан мамлекеттердин соодасында ачыктыкты арттыруу, кирешеси көп өлкөлөр менен кирешеси аз мамлекеттердин ортосундагы соода чечүүчү мааниге ээ. Ал өтө жакырлардын санын азайтууга эбегейсиз салым кошту.

Дүйнөлүк банктын баштапкы эсептери жакырчылыкты жоюунун ыргагы 2015-жылдан бери басаңдай түшкөнүн да аныктаган.

Улуттар Уюмунда буга чейин пландалган чек боюнча 2030-жылы жер бетиндеги өтө жакырлардын саны азыр дүйнөдө 7,5 миллиардды түзгөн жалпы калктын 3 пайызына чейин түшүүгө тийиш.

Учурда дүйнө мамлекеттеринин жарымында гана жакырчылык чеги 3 пайыздан төмөн. Негизинен эки аймак - Чыгыш Азия менен Тынч океан чөлкөмү, Европа жана Борбор Азия - жакырчылыкты 3 пайыздан ылдыйкы чекке түшүрө алды.

Бул көрсөткүч 2013-жылы Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада да 3 пайыздан төмөн болчу, бирок Сирия менен Йемендеги согуш ал жакта жакырчылык деңгээлин кайра көтөрдү.

Дүйнөнүн өтө жакыр деген 736 миллион калкынын 413 миллиону Африканын Сахара бөлүгүндө, 216 миллиону Түштүк Азияда, 47 миллиону Чыгыш Азия-Тынч океан чөлкөмүндө, 26 миллиону Латын Америка-Кариб деңизинин боюнда, 18,5 миллиондон ашууну Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада, 7,1 миллиону Европа менен Борбор Азия аймагында жашайт.

Байлыктын өсүшү

Жакырчылык боюнча глобалдык жаңы баяндамага тушташ дүйнөдө акыркы бир жылда байлык канчага көбөйгөнү да белгилүү болду.

Швейцариядагы "Credit Suisse Research" институтунун эсебинде, соңку он эки айда байлык 4,6% өсүп, анын акчалай көлөмү 317 триллион долларга жетти:

- Биз дүйнөнүн жашы жетилген 4,7 миллиард жашоочусунун байлыгын талдап, изилдедик. Байлыктын бардык компоненттерин: каржысын, мүлкүн карап чыгуу менен аны долларга айлантып эсептеп чыктык. Натыйжада байлыктын акчалай көлөмү акыркы бир жылда 14 триллион долларга көбөйгөнү аныкталды. Мунун ичинде АКШда каржы базарынын кубаты артып, байлык 6 триллионго көбөйдү, Евробиримдик боюнча 4 триллионго арбыса, Кытайдын өзүндө эле 2,3 триллион доллар кошулду. Биз ошондой эле миллионерлер көбөйгөнүн байкадык, -дейт “Global Wealth report 2018” аттуу жаңы баяндаманы даярдаган талдоочулардын бири Майкл О' Салливан (Michael O'Sullivan).

Дүйнөнүн 2018-жылга карата 317 триллион доллардык байлыгынын 98 триллиону Кошмо Штаттарда топтолгон. Байлык иерархиясында да экинчи орунду 51,8 триллион доллары бар Кытай алды.

2018-жылга карата байлыгы бир миллион доллардан ашкан адамдардын саны 42 миллион 155 миңге жетти. Булардын 16 миллион 472 миңи АКШда, 3 миллион 294 миңи Кытайда жашайт.

Франция, Германия, Британиянын ар биринде эки миллиондун тегерегинде миллионер бар. АКШда акыркы бир жылда эле 878 миң миллионер пайда болгон.

Ошол эле учурда дүйнө калкынын ылдыйкы 50% байлыктын 1 пайыздан азына ээлик кылса, жогорку он пайызы 85% көзөмөлдөйт.

Пирамиданын эң башында бир пайызга жетпеген адам же 42 миллион киши байлыктын 45% жакынына же 142 триллион доллардык дүйнө-мүлккө ээлик кылат.

“Credit Suisse Research” институту алдыдагы беш жылда да дүйнөдө байлык 25% көбөйүп, акчалай көлөмү 399 триллион долларга, миллионерлердин саны 55 миллионго жетет деп болжолдойт.

Буга чейин быйыл жыл башында дүйнөлүк бизнес-элитанын Давос форумун утурлай “Oxfam” кайрымдуулук уюму азыркы экономикалык система байларды барган сайын байытып, бирок кедейлердин абалын оңдой албай жатканын эскерткен.

Бул уюмдун баяндамасында, маселен, дүйнөдө 2017-жылы жаралган жаңы байлыктын ар 5 долларынын 4ү жалпы калктын бир гана пайызын түзгөн ири байлардын капчыгына түшкөнү, ал эми дүйнө калкынын жарымынан көбүнүн кирешеси өспөгөнү айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG