Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

"Facebook" миллиарддардан айрылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Британиялык "Cambridge Analytica" консалтинг компаниясына "50 миллиондой "Facebook" колдонуучусунун жеке маалыматтарын кыянат колдонгон" деген кине тагылууда. Анын президент Доналд Трамптын үгүт ишине катышканы чууну ого бетер күчөттү. Кабар тарагандан бери "Facebook" ондогон миллиарддарынан айрылды.

​Кристофер Уайли мурда "Cambridge Analytica" компаниясында иштеп кеткен. Чуу ошол жигиттин маектеринен кийин чыкты. Ал компанияда маалыматтарды чогултуп жана талдап иштегенин айтууда. "NBC News" телеканалына Уайли "Cambridge Analytica" "кыңыр иштерди жасаган" деп айтып берди:

- Бул компания "Фейсбуктагы" 50 миллион кишинин маалыматтарын алганын эл билиши керек, бул өтө маанилүү деп ойлойм. Алар маалыматтарды кыянаттык менен колдонуп жатышат.

Кристофер Уайли.
Кристофер Уайли.

"Guardian" басылмасы мынча кишинин маалыматынын чоочун колго өтүшүнүн тарыхын жазып чыкты.

2014-жылы Кембриж университетинин профессору Александр Коган психологиялык тест түзөт. Анын катышуучулары кайсы бир тиркемени көчүрүшү керек болгон. Бул үчүн аларга акча да төлөнгөн. Көчүрүү учурунда катышуучулар өздөрүнүн жана "досторунун" "Фейсбуктагы" жеке маалыматтарына мүмкүнчүлүк ачууга уруксат беришет. Тесттен америкалык 320 миң киши өткөнү айтылат. Алардын ар биринин орточо 160 "досу" болгон.

Профессор Коган маалыматтарды илимий иши үчүн чогултуу максатында "Facebook" менен келишим түзгөн экен. Бирок кийин алар "Cambridge Analytica" ишканасынын колуна өтөт. Уайли ал аркылуу колдонуучулардын психологиялык жана саясий портретин түзүшкөнүн айтууда. Маселен, кимге, кайсы темага "жакты" басат, комментарий жазат же кандай маалыматты окуйт дегендей.

- Бул маалыматтар бизге адамдардын аң-сезиминин аялуу жерин изилдеп, андан соң Интернеттеги каналдар аркылуу аларга тиешелүү кабарларды берип туруш үчүн алгоритмдерди түзүүгө колдонулган. Ал аркылуу адамдар чын-жалганы аралаш маалыматтарды андан да, мындан да көрө бермек. Бул компания ошол алгоритмге кошуп туруп, жалган жаңылыктарды чынында жаңы деңгээлге көтөрдү.

Бирок Уайли муну ошол маалыматы иргелип-тескелген адамдар билген эмес деп жатат.

- Бул этикага сыйбаган эксперимент. Анткени сиз алардын макулдугу, дегеле алар билбеген жагдайда бүтүндөй өлкөдөгүлөрдүн психологиясы менен ойноп жатасыз, - деп Уайли өткөнүнө өкүнүч билдирди.

Украиналык кыздар "абдан сулуу"

Александр Никс.
Александр Никс.

Бул билдирүүлөргө удаа эле британиялык 4-канал айыпталып жаткан "Cambridge Analytica" компаниясынын жетекчиси Александр Никстин мактанычы экени айтылган жашыруун тасманы жарыялады.

Ресторанга окшогон жерден тартылган ал видеодо "Александр Никс шайлоонун жыйынтыгына таасир этиш үчүн ыплас ыкмаларды колдонгонун айтып берип жатат", деп ырастайт телеканал.

Маселен, Никс сөз арасында бир саясатчынын үйүнө украиналык жеңил ойлуу кыздарды жиберип, анан аны жашыруун видеого тартып, Интернетке жарыялашканын айтып берген. Украиналык кыздар "абдан сулуу", мындай ыкманын "иши жаман эмес" деген сөздөрү бар.

Видео чыккандан кийин Никс кызматынан алынды.

Чуулгандуу компаниянын АКШ президенти менен байланышы

Дагы бир кызык жана чууну күчөткөн жагдай - "Cambridge Analytica" АКШдагы акыркы президенттик шайлоодо АКШнын президенти Доналд Трамптын штабы менен иштешкени.

"New York Times" менен "Observer" басылмалары Трамптын командасы "Фейсбуктан" алынган ошол маалыматтар аркылуу шайлоочулар, алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен билип, таасир этүүгө далалат кылганын жазышты.

Трамптын администрациясы "америкалыктардын жеке маалыматтары корголушу керек экенин" билдирип, Конгресс же башка мекеме муну иликтешин колдой турганын билдирди.

"Cambridge Analytica" бардык дооматтарды, мурдагы кызматкеринин билдирүүлөрүн четке кагууда. Ал "Фейсбукчулардын" маалыматын "Трамптын үгүтү үчүн колдонгон эмеспиз" деп ишендирүүдө.

"Facebook" болсо "жалган айтып, топтогон маалыматын үчүнчү бирөөлөргө берген, муну менен келишимди бузган" деп профессор Коганды айыптады.

Учурда британ бийлиги иликтөөнү баштады. Маалыматты коргоо комиссары Элизабет Денэм сот аркылуу "Cambridge Analytica" компаниясынын базасына жана серверлерине кирүүгө аракеттенүүдө. Ал компания маалыматтарды кантип колдонуп же өчүргөнүн билгиси келет.

"Facebook"​ миллиарддарынан айрылууда

Колдонуучулардын маалыматтарын коргоо үчүн "Facebook" жетиштүү чара көргөнбү?​

Марк Цукерберг.
Марк Цукерберг.

"Фейсбуктун" жетекчиси Марк Цукерберг азырынча билдирүү тарата элек. Америкалык жана британиялык депутаттар аны суракка алууга далалат кылышууда.

Кабар тараган өткөн жума күндөн бери "Фейсбуктун" акциялары арзандап, акыркы эки күндө биржадан 60 млрд. долларын жоготсо, Цукерберг өзү бери дегенде 5-6 млрд. долларынан айрылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG