Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик бир катар объектилерди, анын ичинде Бишкек шаарындагы “Ала-Арча”, “Томми молл” соода-оюн-зоок борборлорун сатыкка чыгарды.
Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан “Ала-Арча” соода борбору 10 740 чарчы метр жери менен 1 млрд 244 млн 312 миң сомго аукционго коюлду.
“Ала-Арча” Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге таандык болгон. Ал өзү 2017-жылдын соңунда биринчи-вице-премьер-министр кызматына дайындалып, иштен кеткен соң 2018-жылы ага жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Аскарбек Шадиев ошол эле 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган.
2018-жылдын 25-декабрында аны сыртынан 10 жылга кесүү жана мүлкүн мамлекетке конфискациялоо боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыккан. Анда анын ондогон компаниялардагы үлүштөрү жана кыймылдуу-кыймылсыз мүлкүнүн катарында Аскарбек Шадиев менен анын жубайына таандык делген “Ала-Арча” соода борборунун 100% үлүшү (“Трейд Инвест” ЖЧКсы) жана “Карвен Групп” ЖЧКсындагы 50% үлүшү да конфискация болгону жазылган.
2020-жылдын 10-июнунда Биринчи май райондук соту Аскарбек Шадиевди “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2024-жылдын апрель айында “Томми моллдун” 1257,5 чарчы метр аянты мамлекетке алынганын билдирген. (BTo)
Шерине