Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Бишкектеги №31 орто мектепте классташынын соккусунан улам каза болгон 14 жаштагы кыздын жана абакта каза тапкан эки адамдын өлүмү боюнча маселе көтөрдү. Эл өкүлү парламенттин 16-апрелдеги отурумунда бул окуяларга байланыштуу тиешелүү жетекчилер түшүндүрмө бериши керектигин айтты.
“Түрмөдө эки киши каза болуптур. Бири 35, дагы бири 62 жашта дейт. Ошол тармактын жетекчилери жоопкерчиликти тартыш керек. Адамдын өмүрү оюнчук эмес. Кайсы тармакта ушундай окуя болсо ал экинчи кайталанбашы үчүн чара көрүш керек. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде психологдор жетишпей жатканын билдирген. Финансы министрлиги эмнеге каражат бөлүп бере элек. Мектептерде бир ай мурун эле канча деген окуялар болду”, - деди ал.
Борбордогу №31 мектепте 7-класстын окуучусу классташынын соккусунан улам каза тапты. Бишкектин Ленин райондук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 15-апрелде болгон. 2011-жылы туулган өспүрүм классташ кызы менен чырлаша кетип, аны уруп жиберген. Анын кесепетинен сокку алган кыз эсине келбей каза болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
Кыргызстанда мектептеги чоңсунуу, тартип бузуу маселеси талкууланып келет. Жыл башында Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып ошол эле мектептин 9-классынын окуучусу кармалган.
Кыргызстанда 14-апрелде абакта жазасын өтөп жаткан эки киши каза тапканы белгилүү болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы алар узакка созулган оорудан улам көз жумганын билдирген. (BTo)
Шерине